Базардагы дүрбөлөң ундун баасын көтөрдү
![Базардагы дүрбөлөң ундун баасын көтөрдү](https://gdb.rferl.org/42a0dd6e-f3b1-4912-adc7-0b9a3b11ac47_tv_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда азык-түлүктү массалык түрдө сатып алууга байланыштуу айрым жерлерде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик акыркы эки-үч күн ичинде ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди. Ундун жана дан азыктардын кымбатташы, кардарлардын кезеги башка аймактарда да байкалууда.