Трамп менен Си пандемияны талкуулашты
![Трамп менен Си пандемияны талкуулашты](https://gdb.rferl.org/0289962D-F466-4928-9E9D-1D617C9ADF71_w800_h450.jpg)
АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиң 27-мартта телефон аркылуу коронавирус пандемиясын талкуулашты. Сүйлөшүүдөн кийин Трамп «Твиттерге» Вашингтон менен Бээжин бул илдетке каршы күрөштө тыгыз кызматташып жатканын жана алар жемиштүү сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн жазды.
Андан бир нече саат мурда АКШ лидери журналисттерге Кытай дагы эле ооругандардын реалдуу санын жашырып жатканын айткан.
Эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кытайдын маалымат каражаттары да жазып, анда Си Трампка баардык маалыматтар ачык экенин айтканын маалымдашты.
Буга чейин Трамп коронавирусту «кытай вирусу» деп атап, Бээжиндин кыжырына тийген.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 27-мартка карата АКШ коронавирусту жугузуп алгандардын саны боюнча Кытай менен Италияны артка калтырды. Кошмо Штаттарда бул илдетке 85 500 адам чалдыкты.