Чүйдө жазгы талаа иштери 94% аяктап калды
Чүй облусунда жазгы талаа иштери 94% жыйынтыкталды. Бул тууралуу 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда облус башчысы Алтынбек Намазалиев билдирди.
Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн айтымында, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү фонунда жазгы талаа иштерин өз маалында жүргүзүүгө бардык күч жумшалган.
Намазалиев бүгүнкү күндө облуста калктын социалдык аялуу катмарына, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү жана аймакта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, бир катар чектөөлөр киргизилген. Социалдык тармактарда дыйкан-фермерлер мунун айынан кыйынчылыкка жана тоскоолдуктарга дуушар болуп жатканы айтылууда.
8-апрелде Бишкек комендатурасы дыйкандарга блокпосттон өтүү жеңилдгенин кабарлады. (RK)