«Оксфам»: Ачарчылык кризиси күчөп баратат
«Оксфам» («Oxfam») уюму эл аралык коомчулукту коронавирус пандемиясы күчөтүп койгон ачарчылык кризисин токтотууга чакырды. Уюм 9-июлда атайын баяндамасын жарыялап, анда чара көрүлбөсө, ачарчылык бир күндө 12 миңдей адамдын өмүрүн алышы мүмкүн экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, быйыл ачарчылык коркунучуна кабылган адамдар 121 миллионго көбөйүшү мүмкүн. Бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 82% көп.
Уюм пандемия дүйнөдө жумушсуздардын катарын калыңдатып, азык-түлүк өндүрүшүнө жана тамак-ашты жеткирүү жолдоруна кедергисин тийгизгенин белгиледи.
«COVID-19 ансыз да чыр-чатактардын, климаттын өзгөрүшүнүн, теңсиздиктин жана кыйраган тамак-аш системасынын запкысын көргөн миллиондогон адамдар үчүн акыркы тамчы болду», - деп билдирди «Оксфамдын» убактылуу аткаруучу директору Хема Вера.
Уюмдун баяндамасына ылайык, коронавирустун айынан дүйнөнүн 10 аймагында - Йеменде, Конго Демократиялык Республикасында, Ооганстанда, Венесуэлада, Эфиопияда, Түштүк Суданда, Сирияда, Суданда, Гаитиде жана Африканын батышында - тамак-аш кризиси күчөп баратат.
«Оксфам» («Oxfam») уюму - дүйнөдө жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн кайрымдуулук уюмдарынын эл аралык бирикмеси.