Караколдогу стационарга айылдан келгендер көп
![Караколдогу стационарга айылдан келгендер көп](https://gdb.rferl.org/c68e4a5a-2770-4b15-af8a-fe37bc7fb2a4_tv_w800_h450.jpg)
Караколдо эки жерде уюштурулган күндүзгү стационарларга күнүнө 300гө жакын адам кайрылууда. Аларга болгону 15 медицина кызматкери кызмат көрсөтүп жатат. Стационарларга өзгөчө жакынкы айылдардан келгендер көп. Ыктыярчы жаштар медиктерди колдоп, тамак-аш, дары-дармек ташып жүрүшөт.