Кыргызстандын премьер-министри Беларустун президенти жана Орусиянын өкмөт башчысы менен жолукту
![Кыргызстандын премьер-министри Беларустун президенти жана Орусиянын өкмөт башчысы менен жолукту](https://gdb.rferl.org/825838ec-f220-4e7f-b683-1359880fd2cb_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов Беларустун президенти Александр Лукашенко менен эки тараптуу кызматташуу, анын эки өлкөгө салымы тууралуу сүйлөштү.
Мындан тышкары эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү, инвестицияны жогорулатуу жана эки тараптын тең кызыкчылыгына иштеген биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты.
Беларус президенти Кыргызстан менен Беларустун мамилеси жакшы жагына өнүгүп баратканын белгиледи.
Кыргыз өкмөт башчысы Кубатбек Боронов Кыргызстан Беларус менен достук мамилеге баа берерин билдирди. Жолугушуу Минскиде өтүп жаткан ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында болуп өттү.
Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов ошондой эле Минскиде Орусиянын өкмө башчысы Михаил Мишустун менен жолукту. Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуу маселесин талкуулап, учурдагы пандемиялык кырдаалдан чыгууда биргелешкен аракеттер тууралуу сүйлөштү. Мындан тышкары Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнүндө да сөз болду.
Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
17-июлда Минскиде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жыйынга чогулду. Ага Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов катышты. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары пандемия башталгандан бери биринчи жолу жүзмө-жүз көрүшүп, жыйынга чогулушту. (ZKo)