Германияда концлагерде иштеген 93 жаштагы киши соттолду
![Германияда концлагерде иштеген 93 жаштагы киши соттолду](https://gdb.rferl.org/c8401a32-8102-4662-968e-31aad434ce04_w800_h450.jpg)
Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында нацисттердин концлагеринде кайтаруучу болуп иштеген 93 жаштагы Бруно Дейге адам өлтүрүүгө катышканы үчүн айып тагылып, эки жылга шарттуу кесилди. Гамбург шаарынын соту 9 айга созулган процесстен кийин бейшембиде ушундай өкүм чыгарды.
Дей Польшанын Данциг же азыркы Гданьск шаарынын жанындагы Штуттхоф гарнизонунда ССтин курамында кызмат өтөгөнүн моюнга алган. Ага 5 миң 232 эпизод боюнча айып тагылды. Дал ушунча адам 1944-45-жылдары Штуттхоф лагеринде кырылган. Азыр майыптардын арабысы менен жүргөн Дей кылмыш кылган маалда 17 жашта болгондуктан, анын ишин жашы жетелектердин соту карады. Адвокаттары Дейди бошотууну сурашкан.
Ал өткөн аптада акыркы сөзүн сүйлөгөндө жабыркагандардан кечирим сурап, аны лагерде ишттөөгө мажбурлашканын айтты.