Лукашенко: Минскиде кармалгандар кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн атайын жиберилген
![Лукашенко: Минскиде кармалгандар кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн атайын жиберилген](https://gdb.rferl.org/fe573412-e006-40b2-b258-861342507b53_w800_h450.jpg)
Беларуста кармалган орусиялыктар өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн атайын жиберилгенин президент Александр Лукашенко 4-августтагы жылдык кайрылуусунун убагында билдирди.
«Аларга «күткүлө» деген команда берилген. «Стамбулга билети бар эле» дегени - уламыш» дейт Лукашенко.
Анын айтымында, 29-июлда Минскиде кармалган орусиялык «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» жоокерлери дал Беларуска жиберилгенин моюнга алышкан.
Кармалгандарга каршы террордук актыларды даярдоо боюнча кылмыш иши козголгон. Орус бийлиги «алар - Минск аркылуу Түркияга бараткан жеке күзөтчүлөр» деп жооп кайтарган.
Президент Лукашенко 4-августта Беларустун түштүгүнө ташталган дагы бир отряд тууралуу белгилүү болгонун маалымдады. «Минскинин борборунда кыргын уюштуруу аракети айкын эле. Беларуска каршы миллиарддык ресурс коротулуп, жапжаңы технологиялар ишке салынды», - деди ал.
Постсоветтик бул өлкөдө президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.