Варшавда ЛГБТ өкүлдөрү полиция менен кагылышып, 48 активист кармалды
Ушул күнү эртең менен Польшанын баш калаасында солчул транс активист Малгожата (Михаил) Шутовицтин соттолушуна каршы акция уюштурулган.
Шутовиц «Жашоого укук» консервативдүү фондунун мүчөсүнө «зыян келтирген, автоунаасын бузган» деген айыптын негизинде эки айга камалган.
Каршылык акциясына чыккандар полиция аны камакка алып баратканда автоунаадан чыгарып калууга аракеттенишкен. Полиция машинеге зыян келтирилгенин билдирсе, демонстранттар полиция кызматкерлерин «ашкере зомбулук кылды» деп айыптап жатышат.
Марчактын айтымында, полициянын ишине каршылык көрсөткөндөр үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Ишембиде Европа кеңешинин адам укуктары боюнча кеңешинин комиссары Дуня Миятович Шутовицти бошотууга поляк бийлигин чакырды.
Польшада бир жыныстагы адамдардын никеге турушуна, жарандык никеде жашашына тыюу салынган. Католик чиркөөсүнүн позициясы жана консервативдүү маанай да күч.
Өлкөдө ЛГБТнын укугун коргогон акциялар байма-бай өткөрүлүп турат. «Укук жана акыйкат» консервативдүү партиясынан президент Анжей Дуда июлда бийликке келердин алдындагы шайлоо өнөктүгүндө ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн сындаган. Оппозициялык саясатчылар жана публицисттер президентти «коомдогу жек көрүүнү козутту» деп сынга алышты.
48 жаштагы Анджей Дуда Польшаны беш жылдан бери башкарып келе жатат.