Грузияда оппозиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы
![Грузияда оппозиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы](https://gdb.rferl.org/63BE553F-6D6D-4CF1-8CD8-97529B727994_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
31-октябрда Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил «Грузин кыялы» партиясы алдыга чыкты. Бирок оппозиция мындай жыйынтыкка макул болбой, шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирүүдө.