Назарбаев Казакстанда экенин басма сөз катчысы билдирди
![Назарбаев Казакстанда экенин басма сөз катчысы билдирди](https://gdb.rferl.org/159ff60e-84a5-4a86-ad52-fcdfc6da1225_w800_h450.jpg)
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев учурда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында экенин анын басма сөз катчысы Айдос Үкибай "Твиттердеги" баракчасына жазды.
Ал Назарабев президент Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп, бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүп жатканын кабарлаган. Бирок, Үкибай айткандарын тастыктай турган башка жагдайларды көрсөткөн эмес.
“Элбашы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында. Такталбаган жана башка кызыкчылыктарды көздөгөн маалыматтарды жайылтпоону өтүнөбүз”, - деп жазган Назарбаевдин басма сөз катчысы.
Маалыматта Нурсултан Назарбаев учурда Казакстан менен достук мамиледе болгон өлкөлөрдүн башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы да айтылган. Ошондой эле Назарбаевдин өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуу үчүн бардык күчтөрдү Казакстандын президентинин айланасына биригүүгө үндөй тургандын жазды.
Буга чейин "Дождь" телеканалы жергиликтүү журналисттин айтканына таянып, Назарбаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлаган эле.
2-январдагы нааразылык акциялары башталгандан бери Назарбаев эл алдына чыга элек. Анын атынан да эч кандай билдирүүлөр болгон эмес. Ошол эле учурда азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 5-январда элге кайрылып, Коопсуздук кеңешинин башчылыгын колуна алганын билдирди. Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин Коопсуздук кеңешин жетектеп келген. Ага кол тийбестик макамын берген "Элбашы" деген наам ыйгарылган.
Казакстандагы соңку толкундоолордо Назарабевдин саясаттан кетишин талап кылган чакырыктар да айтылды.