Президент Токаевдин уулунун четтеги мүлкү
![Президент Токаевдин уулунун четтеги мүлкү](https://gdb.rferl.org/400bd2bd-3d76-4114-b567-f458a172d58b_tv_w800_h450.jpg)
“Азаттыктын” орус кызматы жана “Настоящее время” телеканалы казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин уулу Тимурдун чет өлкөдөгү активдерин иликтеп чыгышты. Маалыматка ылайык, Тимурдун Москвада жана Женевада кымбат кымбат батирлери бар. Мындан тышкары Токаевдин уулунун бир топ кирешелүү компанияларда үлүшү да болгон.