Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Виртуалдык юристтин" акысыз жардамы

Кыргызстандык адвокат Фатима Якупбаева жарандарга укуктук жактан жардам берген "Милдет" аттуу Telegram-бот иштеп чыкты. Бул канал аркылуу зомбулукка учураган, алимент ала албай жүргөн же дагы башка юридикалык жардамга муктаж болгондор акысыз кеңеш ала алат.


29 жаштагы Фатима Якупбаева 10 жылдык тажрыйбасы бар юрист. Ал ажырашуу, алимент алуу, аталыкты аныктоо жана мүлктү бөлүштүрүү иштерине далай жолу күбө болгон. Якупбаеванын айтымында, Кыргызстанда укуктук багытта жардам көрсөткөн онлайн-кызматтар өнүккөн эмес:



"Бул идея менде юридикалык жардам алууга кайрылгандарда болгон муктаждыктардан улам жаралды. Мага аялдар көп кайрылып, бирок, алардын баарына жардам берүү мүмкүн эместигин түшүнгөм. Айрымдарында юристке кайрылганга каражаты жок. Ошондон улам көпчүлүккө жардам берүү үчүн ушул идея келген. Мен аны адегенде өз каражатыма иштетип баштадым. Былтыр жайында элге жайылта баштаганбыз. Бирок, бул системалуу иш экен, улам толуктоолор кирип жатат. Эки айдан бери элге жайылтып, бизге кайрылгандардын саны эки эсеге өстү. Негизги бул бот шаардагы эле эмес элеттеги тургундарга да жардам көрсөтө турган жөнөкөй, жеткиликтүү тилде иштеп жатат. Жөнөкөй мисал менен түшүндүрүп берейин: "сиз сотко арыз даярдап жатасыз дейли, ал үчүн юристке кайрылып, күтүп, акча төлөп, эки күндөн кийин арызыңызды алып кетесиз". Ал эми бот заматта документтин үлгүсүн даярдап берет. Баары акысыз".


"Милдет" бот – бул берилген тема боюнча суроолордун жана жооптордун базасына ээ болгон робот. Башкача айтканда, автоматташтырылган диалогдун бир түрү. Виртуалдык юрист салык, кардарлардын укугун коргоо, жеке ишкердикке байланыштуу суроолорго да жооп бере алат. Каалоочулар Telegram каналга жазыла алат. Бот суроолордон тышкары, аталыкты аныктоо жөнүндө акт түзүүгө; алимент алууга же ажырашуу жөнүндө арызды түзүү; мүлктү же мурасты бөлүштүрүү боюнча документтерди толтурууга да жардам бере алат.

 






Фатима Якупбаева кризистик борборлоруна кайрылган кыз-келиндер менен иштешип жатып, андай иштердеги суроо-жооптор дээрлик бирдей экенин түшүнгөн.



"Боттун башкы максаты - юридикалык жардамды баарына жеткиликтүү кылуу. Чындыгында, бүгүнкү күндө ар бир кыргызстандык квалификациялуу адистерге кайрыла албайт же ага кызмат акысын төлөшү керек. "Милдет" алдын ала жазылбастан, кезек күтпөстөн, толугу менен бекер кеңештерди берет. Жалпылап айтканда, бот 14 маселе боюнча маалымат берип, жети документти толтурууга жардам берет. Бот ага кайрылган адамга жөнөкөй эле суроолорду узатат. Мисалы, аты-жөнү, жолдошунун аты ким, кайсы жерде жана качан каттоого турган. Ошол суроо-жооптун негизинде даяр арыздын үлгүсүн жиберет. Аны каалаган жерден чыгарып алып эле сотко алып барасың. Башкача айтканда, ботто алдын ала даярдалган арыздардын үлгүсү, документтердин шаблону бар. Ал эми арыз даярдап жаткандардын да суроолору дээрлик окшош. Ушул күнгө чейин кайрылгандардын саны 5000ге жетти. Акыркы эки айда эле алардын саны эки эсе көп болгон. Бул долбоор Европа Биримдиги жана БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашты. Ошол эле кезде, кеңеш берүүнүн масштабы да кеңейди".




"Биз азыр кайсы бир маселе боюнча көп суроолор келет деп толук статистика жүргүзө элекпиз. Менимче, алимент, ажырашуу тууралуу жазгандар көп. Анткени ботто "автор менен байланышуу" деген бөлүмгө ушул маселелер боюнча жазгандар көбүрөөк экен. Бирок, кемчиликтер да жок деп айта албайм. Мисалы, кагаз толтурууда боштук койбош керек же цифраларды жазууда өзүнүн атайын эрежелери бар. Эгер аларды эске албаса, документ даярдалбайт. Бот бул робот, демек анын кабыл алуусу деле кайсы бир өлчөмдө чектелүү".


"Милдет" боту Европа Биримдиги жана БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен толукталып, элге кеңири жайылтуу иштери жүрүп жатат. БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда ажырашкан аялдардын 92% балдарына алимент ала албай сотко кайрылат. Эркектердин 8% ажырашуу учурунда аялынан алимент талап кылат.



"Милдет" боту үч тилде: кыргызча, орусча жана өзбек тилинде маалымат берет. Фатима Якупбаева укуктук сабатсыздык көп байкалган айыл-кыштактарга чейин маалымат жеткирүүнү көздөгөнүн айтат. Ал өзгөчө өзбек коомчулугуна түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөгү оорчулуктарга токтолду.



"Мен өзбек коомчулугундагы маселелерди жакшы түшүнөм. Биз жабык жана укук бузуулар көп байкалган өзбек коомчулугуна жардам берүү үчүн өзбек тилинде иштеп чыгарганбыз. Чынын айтсам, муну ишке ашыруу канчалык оор экенин башында билбептирмин. Адегенде, соцтармак аркылуу жарнамага акча коротуп, маалымат бердик. Өзбек тилинде постторду жаздык. Бирок эч кандай жылыш болгон жок. Ошондон улам кагазга "Бул бот сизге өзбек тилинде акысыз жардам берет" деп жазып, эл көп жүргөн жерлерге чаптап чыктык. Ошондо гана кайрылуулар башталды. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өзбек тилиндеги котормочуну үч жолу алмаштырдык. Анткени, адеп адабий өзбек тилинде жазылганды жергиликтүү эл жакшы кабыл алган жок. Бара-бара жөнөкөй, жалпак тилде жазып жаттык. Бот өзбекче суроолорго гана жооп берет, бирок, ал документтерди кыргыз жана орус тилдеринде даярдап берет. Себеби, сотко баары бир ушул тилдерде гана арыз тапшыруу керек болот".






Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылы өлкөдө 10 миң 995 ажырашуу фактысы катталганын билдирген. Укук коргоочулар соңку жылдары жалгыз бой энелер көбөйүп, балдардын аталарынан алимент өндүрүү маселеси да көйгөй жаратып жатканын белгилейт. Жалгыз бой энелер көпчүлүк учурда жакын туугандарынын жана коомчулуктун сынына кабылат. Алар мамлекеттен ар бир баласы үчүн айына 800 сомдон жөлөк пул алат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Финал детского футбольного фестиваля «Чемпионат победителей» прошел в Домодедове

День работника сельского хозяйства отметили в Солнечногорске

В Москве произошел пожар в сталинской высотке у "Красных ворот"

Президент ОАЭ: благодаря хорошим отношениям с Путиным решаются многие вопросы

Музыкальные новости

Собянин поблагодарил сотрудников дорожного хозяйства за профессионализм

Спортсмены Центрального округа Росгвардии заняли призовые места на всероссийских соревнованиях общества «Динамо» по самбо и боевому самбо

FT: Meta уволила 24 сотрудника за злоупотребление выплатами на питание

Путин назвал Москву одним из самых прекрасных городов мира

Новости России

Путин: товарооборот между Россией и ОАЭ за последние три года вырос в три раза

Референдум о евроинтеграции Молдавии состоялся

МЧС: пожар в сталинской высотке на Красных воротах в Москве потушен

В Подольске наградили сотрудников пищевой промышленности

Экология в России и мире

Фонд Юрия Лужкова награждает победителей экономического диктанта-2024

В ЦДМ на Лубянке появилась собственная бренд-зона с Малышариками

В столице Урала собрались участники студенческих отрядов со всей России

Концерт «Разговор с папой» в честь Дня отца прошёл в Москве

Спорт в России и мире

Даниил Медведев снялся с турнира категории ATP-500 в Вене

Доминик Тим: «В последние четыре года я уделял много времени теме ментального здоровья. Оказалось, что мне помогает медитация»

Мирра Андреева в финале WTA 500 в Нинбо: борьба за 920 тыс. долларов

Касаткина назвала Андрееву занозой в заднице и пожелала ей удачи

Moscow.media

Новые Baic X55 появились в автопарке BelkaCar

Оборудование, лодки и электроприборы стали чаще доставлять в маркетплейсы в 2024 году

Toxi$ в VK Stadium: выиграй билеты на Like FM

Военные следователи провели в Ялте проверку лиц, не вставших на воинский учет







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *