Короосунда самын чыгарган ишкер
![Короосунда самын чыгарган ишкер](https://gdb.rferl.org/823ba7b2-2b0e-4d15-a308-5f5ff6e58db3_tv_w800_h450.jpg)
30 жаштагы Улан Акунов эки айдан бери үй шартында самын чыгарып жатат. Анын кичи цехи өзү жашаган Нарын районунун Таш-Башат айылындагы үйүнүн тар сарайында жайгашкан. Ал күнүнө 200дөй самын чыгарып, айылдаштарына сатат. Улан мындай иши менен өндүрүштү айылдан да жасаса болорун көрсөттү.