Таштанды талаасына сиңген миллиондор
![Таштанды талаасына сиңген миллиондор](https://gdb.rferl.org/02a30000-0aff-0242-04c3-08da29c67f09_tv_w800_h450.jpg)
Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп алынган 22 млн. евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин эки долбоордун бирөө да толук ишке аша элек. Таштанды жайынан кышы-жайы токтобой чыккан түтүн Бишкектин абасын ыштап жатат.
“Азаттыктын” иликтөөсү чыгардын алдында Башкы прокуратура “Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалып, таштанды полигонуна байланыштуу Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланганын билдирди.