Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Назарбаевди макамынан ажыратуучу референдум

Назарбаевди макамынан ажыратуучу референдум

Бүгүн, 5-июнда Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат.

Жаңы түзөтүүлөр кабыл алынса, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин Баш мыйзамдагы макамы жоюлат. Бийлик өкүлдөрү жаңыланган Баш мыйзам менен Казакстан "супер президенттик" системадан баш тартат деп ишендирүүдө. Бирок көз карандысыз байкоочулар кандуу Январь окуяларынан кийин сунушталган өзгөртүүлөрдү реформа деп атай албай турушат.

2019-жылдын 12-июнунда Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди катуу даңазалап, "элбашынын жолун жана стратегиясын" улантууга убада кылган.

"Элбашы - казак мамлекетинин пайдубалын түптөгөн улуу негиздөөчү", - деп айткан Казакстандын экинчи президенти.

Ал Назарбаевдин эмгеги "аалам тарыхына" жазылганын баса белгилеген. Эми Токаев инаугурациясынан үч жыл өтүп-өтпөй Конституцияны өзгөртүү менен Назарбаевди мартабалуу макамынан биротоло ажыратып, "элбашыны" өзү айткан "жөнөкөй пенсионерге" айландырганы калгандай.

5-июнга белгиленген референдумда калк кандай өзгөрүүлөр үчүн добуш берет? Бийлик сунуштаган түзөтүүлөр кандуу Январь окуяларын баштан өткөргөн катардагы калктын мүдөө-максаттарына төп келеби? Эмне себептен эксперттик чөйрө референдумдан кийин "жаңы Казакстан" жаралбай турганын баса белгилеп жатышат?

"Токаевдин референдуму"

Казакстандын Конституциясындагы 98 берененин 33үнө баш-аягы 56 өзгөртүү жана толуктоо киргизилип жатат.

Бирок элдик добуш берүүгө абдан узун бир суроо коюлду: “2022-жылдын 6-майында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган “Казакстан жумуриятынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорунда айтылган Казакстан жумуриятынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл аласыңарбы?”.

Учурдагы Баш мыйзамдын беренелеринде Назарбаев "көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү", "элбашы" деп мүнөздөлүп, анын "макамы өзгөрүүсүз" калары жазылган. Ошондой эле биринчи президенттин макамы атайын конституциялык мыйзам аркылуу аныкталары да белгиленген.

Эми жаңы түзөтүүлөр менен толуктоо жекшембидеги референдумда колдоо тапса, Конституциядан Казакстандын биринчи президенти тууралуу бардык сөздөр алынат. Назарбаев үч жыл мурда бийлигин Токаевге өткөрүп берип жатканда сактап калган, мыйзам кепилдеген ыйгарым укуктарынан биротоло айрылат.

"Элбашыга" тиешелүү беренелерден тышкары президентке, парламентке жана жергиликтүү бийлик органдарына байланыштуу түзөтүүлөр да бар. Маселен президентке жана бир катар жогорку кызмат адамдарына саясий партиянын мүчөсү болууга тыюу салынат; мамлекет башчысынын тууган-уругуна жогорку саясий кызматтарды ээлөөгө болбойт; Казакстанда 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет; Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Казакстандын мамлекеттик катчысы, Токаевдин мурдагы жардамчысы Эрлан Карин бул өзгөртүүлөр менен өлкө супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн айтты:

"Конституциялык реформа президенттин 2019-жылдан бери баштаган реформаларынын уландысы. Анын негизинде он мыйзам кабыл алынды. Конституциялык түзөтүүлөр элдин талабына негизделген жана бул бүткүл коомдун мүдөө-максаты үчүн жүзөгө ашырылат", - деди Карин.

Казакстанда Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгеси быйыл январь айындагы кандуу окуялардан кийин көтөрүлүп отурат. Жыл башында суюлтулган газдын кымбатташына каршы адеп Жаңы-Өзөн аймагында башталган нааразылык акциялары тез арада Казакстандын башка аймактарында жайылып, ири толкундоого жол ачкан.

Митингдер Алматы шаарында кагылышуулар жана тополоң менен коштолуп, президент Токаев буга "террорчуларды күнөөлөгөн" жана "эскертүүсүз ок атууга" уруксат берген.

Башаламандык Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлеринин Казакстанга киргизилиши менен коштолуп, бул окуяларда расмий маалымат боюнча эле 238 адам каза тапканы ырасталган.

Январдагы нааразылык маалында элдин турмушун оңдоо сыяктуу социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди бийлик сересинен кетирүү, айрым жерлерде парламенттик башкарууга өтүү сыяктуу бир катар саясий талаптар да айтылган эле. Кырдаал турукташкандан кийин Токаев саясий реформалар болорун убада кылган.

Бирок казакстандык саясат таануучу Шалкар Нурсеит конституциялык өзгөртүүлөрдү "реформа" деп атоого болбой турганын, референдумга коюлган түзөтүүлөрдө президенттин ыйгарым укуктарын чектей турган, парламенттин таасирин күчөтө турган жана сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кыла турган орчундуу өзгөрүүлөр жок экенин айтты:

"Бул калк өзү тандоо жасай турган референдум эмес. Бул азыркы президент Токаевдин референдуму. Учурдагы Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү карай турган болсок, анын убайын жалгыз гана Токаев менен анын айланасындагылар көрөт. Мени көргөндөр "бул мурдагы бийликтин колдоочусу, өзгөрүүлөргө каршы чыгып жатат" деп айтышы мүмкүн. Анткени мындай шаблонду Токаевдин референдумун жактагандар колдонуп жатат. Жеке өзүм Назарбаевдин атын Конституциядан алып салууну колдойм. Андан башка беренелердеги түзөтүүлөрдү косметикалык өзгөртүүлөр деп ойлойм. Казакстандын саясий системасын эч өзгөртпөйт деп айта алам", - деп белгиледи Шалкар Нурсейит "Майдан" порталына курган маегинде.

Ашыгууга эмне себеп?

Казакстандын учурда иштеп жаткан Конституциясы 1995-жылдагы референдумда кабыл алынган. Андан бери Назарбаевге бийликте узак жыл калууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөр парламент аркылуу кабыл алынып келди. Ошондуктан Токаевдин бийлиги Казакстандын тарыхында биринчи жолу Конституцияга түзөтүү жана толуктоо киргизүү маселеси бүткүл элдик референдумга коюлуп жатканын баса белгилеп келет.

Референдум алдындагы үгүт өнөктүгү "Жаңы Казакстанды бирге курабыз!" деген ураан астында өттү.

Саясат таануучу Досым Сатпаев Токаевдин командасы конституциялык толуктоолорду жаңы өзгөрүүлөрдүн башаты катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын, бирок бул алдыдагы чоң саясий жараяндарга даярдык экенин соңку маектеринин биринде айтты.

"Политтехнологиянын көз карашынан алсак, бул референдум алдыдагы президенттик шайлоого даярдык. Алар эмне кылгысы келет? Биринчиден, алар бул процесстин алкагында жергиликтүү органдардын ишин сынап көрүүнү көздөшөт. Экинчиден, бул коомдук пикирди билүүнүн бир жолу. Анткени расмий жыйынтыктан тышкары бейрасмий да сандар болору түшүнүктүү. Аларды референдумдун расмий эмес жыйынтыгы көбүрөөк кызыктырса керек. Анткени ал Казакстандын жарандары Токаевди канчалык колдой турганын көрсөтөт. Референдумдун жыйынтыгын Токаевге көрсөтүлгөн колдоо катары алдыдагы шайлоолордо колдонушат", - деди Сатпаев.

Президент Токаев Конституцияга киргизиле турган алгачкы өзгөртүүлөр менен толуктоолорду март айында жарыялаганы менен акыркы варианты добуш берүүгө бир ай калганда гана даяр болду. Ошондуктан байкоочулар жана активисттер эл негизги мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөр менен толук таанышууга жетишпей калганын, үгүт иштери чабал жүргөнүн, өнөктүктүн жыйынтыгы алдын ала аныкталганын баса белгилеп жатышат.

Мындан улам Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкууларды жана кеңешмелерди өткөрүү үчүн референдумду кийинкиге жылдыра турууга чакырган.

Уюм казак бийлиги ачык саясий системаны түзүүгө убада бергени менен жарандык активисттер камалып жатканын, январдагы окуялар жетиштүү деңгээлде иликтенбегенин эске салган.

Бир катар жергиликтүү коомдук ишмерлер жана активисттер да бийликти референдумду кеминде үч айга жылдыра турууга үндөшкөн.

"Бул калктын акчасы. Үстөлгө отуруп, бирге талкуулайлы. Бир тарап өзгөртүүлөр дурус экенин далилдеп чыксын. Үстөлдүн экинчи тарабындагылар эмне үчүн каршы экенин далилдеп берсин. Референдумдун максаты ошол. Референдумдун максаты өкмөттүн акчасын коротуп, жалгыз гана Касым-Жомарт Токаев сунуштаган маселелерди калкка жеткирүү эмес", - деп билдирген бир нече апта мурда "Улут тагдыры" бирикмесинин төрагасы Дос Кошим.

Казакстанды эмне күтөт?

Кантсе да Казакстандын президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институту өз сурамжылоосунун жыйынтыгына таянып, казак жарандарынын 76,4 пайызы референдум өткөрүү идеясын колдой турганын билдирди. Бул институттун соңку сурамжылоосу онлайн форматта өткөрүлгөнүн белгилегени менен анын деталдарын ачыкка чыгарган жок. Сурамжылоого көз карандысыз тараптар да катышкан эмес.

Токаев референдумга бир нече күн калганда айткан сөзүндө эл конституциялык өзгөртүүлөрдүн маанисин түшүнүп турганын, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартууну көздөбөй турганын белгиледи.

"Реформалар кайсы бир адамдардын, анын ичинде президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн эмес, бүтүндөй коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлөт. Эл арасынан жана чет өлкөлөрдөн учурдагы мамлекет башчы референдум аркылуу өз мөөнөтүн узартабы же буга чейинки президенттик мөөнөтүн жокко чыгарабы деп сурап жатышат. Жооп берип коёюн: андай ниетим болгон эмес жана болбойт дагы", - деди Токаев.

Казак президенти буга чейинки маектеринде да мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык кызматта калбай турганын белгилеген. Баш мыйзамга ылайык, Казакстанда бир адам беш жылдык мөөнөттөн катары менен эки жолу президент боло албайт.

Жергиликтүү жана эл аралык талдоочулар Конституция колдоо тапса, Токаевдин бийлиги дагы бекемделе турганынан күмөн санашпайт. Бирок саясат таануучу Шалкар Нурсеит эгер маңыздуу саясий реформалар болбосо, январь айындагыдай нааразылык кайталанышы мүмкүн экенин эскертти.

Казакстанда узак жылдардан бери иштеп келе жаткан британиялык журналист Жоанна Лиллис Назарбаевдин өзү курган системасы өзүнүн көз алдында урап жатканын, мындан ары "элбашы" мурдагыдай эл алдында жүрө албай каларын айтты.

"Биз келечекте Назарбаевди Казакстанда көп көрбөйбүз. Анткени ал эл алдына чыгууну деле каалабайт", - деди Лиллис.

Назарбаев май айынын соңундагы маегинде өз макамы каралып жаткан референдумда добуш берерин, Токаевди колдой турганын билдирген. Ал эгер кайсы бир туугандары анын атын пайдаланып, мыйзамды бузса жазаланышы керектигин кошумчалаган.

Январь окуяларынан кийин 81 жаштагы Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектөө сыяктуу ыйгарым укуктарынан жана таасиринен ажыраганы белгилүү. Кезинде анын ордун басат деген тун кызы Дарига Назарбаева сыяктуу жакын туугандары да жогорку кызматтарынан кол жуушкан.

Казакстанда карапайым жарандардын жана талдоочулардын бир бөлүгү Назарбаевди мыйзамдагы макамынан ажыратуу аракетин колдошкону менен референдумдан кийин калктын күнүмдүк турмушу оңолуп кетерине ишене албай турушат.

"Эч кимге ишенбей калдык. Жумушубузду көрүп турасыз. Бир адамга он жетекчи жүрөт. Кантип ишенесиң? Референдум кайдагы бир нерсе го", - деп билдирди Чымкенттин бир тургуну "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

А ведь Россия этого не хотела: Путин допустил отправку российского оружия в КНДР и другие регионы в ответ на действия Запада

Представители 12 стран мира приняли участие в экологическом телефестивале «Территория завтра»

Десять российских туроператоров закрыли из-за отсутствия финансовых гарантий

Два человека пострадали в аварии на юго-востоке Москвы

Музыкальные новости

Иерей Александр Туховский: "Братья и сестры, прошу помочь моей семье, священнику, вдовцу, отцу троих детей..."

Как выбрать китайский автомобиль в России?

Клуб Хабиба Нурмагомедова в Дагестане оцеплен. Там проходят обыски в связи с недавней террористической атакой

Расписание игр «Локомотива» на сезон 2024/2025

Новости России

Представители 12 стран мира приняли участие в экологическом телефестивале «Территория завтра»

Собственницу сгоревшего здания во Фрязине отправили под домашний арест

Около 440 тыс студентов присоединились к волонтерскому столичному движению

В Москве стартовал конкурс на звание "Молодёжной столицы России – 2025"

Экология в России и мире

Деликатес в чаше: всего по чуть-чуть

Участники VK Fest смогут проверить свое здоровье на стенде «Будь Здоров»

Резервация под названием «Нахиджеванская Автономная Республика» - под тотальным контролем алиевского режима

"Интеррос", "Атомайз", Эрмитаж и Т-Банк готовят второй этап проекта «Цифровое искусство»

Спорт в России и мире

WTA удивила решением по Елене Рыбакиной перед стартом Уимблдона

Теннисистка Калинская не примет участие в Олимпиаде, несмотря на допуск от МОК, сообщил Тарпищев

Теннисисты Котов и Калинская получили приглашение на Олимпиаду в Париже

Тарпищев: не стоит переоценивать победу Касаткиной на турнире WTA в Истборне

Moscow.media

Под Орлом «Газель» столкнулась с большегрузом. Один из водителей скончался

Призрачный остров...

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: что делать, если вас ужалила медуза

В Петербурге рассказали о спросе на кроссовер JAECOO J8







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *