Ооганстандагы жарылуудан кеминде эки киши мерт болду
![Ооганстандагы жарылуудан кеминде эки киши мерт болду](https://gdb.rferl.org/0f5d4bd8-6d56-4797-82e6-58f4dee891f8_w800_h450.jpg)
Ооганстандын Нангархар провинциясындагы базарда болгон жарылуудан кеминде эки киши мерт болду. Дагы 28 киши жараат алды.
"Талибан" өкмөтүнүн Маалымат жана маданият департаментинин расмий өкүлдөрү "Азаттык" радиосунун ооган кызматына ырасташкандай, 20-июндагы жарылууда жарадар болгондордун арасында талибдердин беш өкүлү бар.
Базардагы жарылууга эмне себеп болгону ачык айтыла элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба коюлган автоууна жарылышы мүмкүндүгүн, бул чабуул "Талибандын" аймактагы жетекчилеринин бирин бутага алганын айтып жатышат.
Азырынча Нангархардагы бул окуяга эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы бул чабуулду айыптап, жабырлануучулардын арасында балдар бар экенин билдирди.
Дем алыш күндөрү "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери Кабулдагы сикхтердин сыйынуучу жайына чабуул койгон болчу. Андан эки киши мерт болуп, жети тургун жараат алган. Аны улай Кабулдагы дагы бир райондо автоунаа жарылып, дагы эки киши өлгөн.