Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымдайы бүттү
![Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымдайы бүттү](https://gdb.rferl.org/08790000-0a00-0242-b524-08da80405b17_cx10_cy0_cw90_w800_h450.jpg)
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоорунун 2022-жылы пландалган беш чакырымын куруу иштеринин 70% аяктады. Учурда беш чакырымдан сырткары дагы үч чакырымды куруу пландалып жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады.
Учурда долбоордун биринчи баскычы болгон узундугу 63 км түзгөн Балыкчы-Кочкор тилкеси курулуп жатат. Эң орчундуу болгон Боз-Бармак тоосун тешип, казуу иштери уланууда.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан "Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.
Март айында темир жолдун курулушуна байланыштуу “Балыкчы” станциясында өткөн салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, жол өлкө келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген. (TSh)