Прагада кыргыз күүлөрүн жаңырткан жаштар
![Прагада кыргыз күүлөрүн жаңырткан жаштар](https://gdb.rferl.org/013e0000-0aff-0242-a1d4-08da8807255f_tv_w800_h450.jpg)
25-августта Чехиянын Прага шаарында «Ибарат» этно-фольклордук ансамблинин чакан концерти өттү. Кыргызстандын Эгемендик күнүнө арналган мындай концерттер аталган ансамблдин өз демилгеси жана Европадагы кыргыз диаспораларынын көмөгү менен Чехиядан тышкары Германияда жана Францияда уюштурулуп жатат.