Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Кумтөр" чыры: Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы талкуу жаратты

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү кармады. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алтын кенди Кыргызстанга кайтарып алуунун башында тургандардын бири саналган Бөлтүрүктүн камалышы талкууга алынып жатат.

Тенгиз Бөлтүрүк камалганга чейин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган. Прокуратуранын маалыматында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы да айтылат.

Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова “Азаттыкка” мындай маалымат берди:

“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактылары боюнча үч кылмыш иши козголгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 млрд. сом зыян келтирилгени аныкталган”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн Кумтөрдөгү орду август айынан соңунан баштап олку-солку боло баштаган. Тагыраагы, 25-августта алтын кенге сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген. Бирок Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингдин жетекчиси катары кала берген.

Жогорку Кеңештин талабы, Жапаровдун жообу

Бул окуялардан кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 14-сентябрдагы жыйында маселени күн тартибине киргизип, талкуулоону сунуштады.

“Бирөө миллиард сомду жеп кетти деп кармалды. Кечээ эле асманга көкөлөтүп, кыйын ишкер деген адам бүгүн кармалып отурат. 19 тонна алтын боюнча ар кандай маселелер чыгып атат. Акынбек Үсөнбековичти чакырып, ошол боюнча сурасак болот эле. Миллиард сом деген мындай эле бир чети. Мындан да көп маселелер чыкканы калды. Кумтөр бүгүнкү күндө кандай жумуш алып кетип жатат? Эртең катастрофа болуп толук иштебей калбайбы?", - деди депутат Тазабек Икрамов.

Депутаттар “Кумтөр Голд Компани” боюнча өкмөттүн жана Тенгиз Бөлтүрүктүн маалыматын угуу талабын бир жылдан бери айтып келишет. Бирок мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Бийлик муну алтын кенди мурда башкарган канадалык компания менен талаш-тартыш жүрүп атканы менен түшүндүрүп келишкен. Бирок Кумтөр Кыргызстанга толугу менен өткөнү жарыялангандан кийин деле Бөлтүрүк парламентке маалымат берген жок.

Кумтөр маселесин 14-сентябрдагы отурумда депутаттар Дастан Бекешев менен Исхак Масалиев да көтөрдү. Масалиев Тенгиз Бөлтүрүккө ишенип келген Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги да каралышы керектигин билдирди.

“Башынан эле бир топ жарандар, депутаттар, активисттер “ишенбейбиз, ишенбейбиз” деп айтышкан да. Бирок бизге таза иштей турганын айтышкан. Ошону айткан Акылбек Жапаров да жоопко тартылыш керек. Бул маселени карашыбыз керек. Себеби ал башка мамлекеттин жараны болуп атат. Келишимдерге кол коюп, сүйлөшүүлөргө катышкан болсо, анда аларды кайра карап чыгышыбыз керек. Анткени ал жактан да пайда көрөм деген ой болуп калышы мүмкүн. Конституция боюнча өкмөттүн мүчөсүн же башчысын бошотуу боюнча сунушту бере алабыз. Келгиле, ушуну колдонуп көрөлү. Бирок аны калтырабы же жокпу президент чечет”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айланасындагы окуя Жогорку Кеңештин жыйынында түшкү тыныгуудан кийин карала турганы айтылып жаткан. Бирок депутаттардын чогулуп же тарап кеткени белгисиз болуп калды.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу "Азаттыкка" учкай комментарий берди. Анда кылмышка шектүү тууралуу акыркы чечимди сот чыгарарын айтты.

"Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт. Дагы бир жолу айтып коюшум керек, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Азыр зыян тууралуу Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган жыйынтыгынын негизинде маалымат берилип жатат. Биз эми мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. "Кумтөр" өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм алтын сыртка кеткен жок. Президент Садыр Нургожоевич парламентти дагы, оппозицияны дагы чакырды, комиссия түзүп алып келсеңер алтынды кантип казып алабыз, каякта сактайбыз, кантип сатабыз, баарын аларга көрсөткөнгө макулбуз. Алардан сунуштарды күтүп жатабыз. Фейсбуктан эле "биз болобуз" деген сөздөрүнөн башка мага сунуштар келе элек",- деди Жапаров.

Акылбек Жапаровдун бул билдирүүсүнөн кийин оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылы" билдирүү таратып, “Кумтөр” боюнча комиссияны жетектөөгө даяр экенин билдирди. Алар өз катарынан комиссияга Кеңешбек Дүйшөбаевди, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова жана Айбек Теңизбаевди кошууну сунуштап жатышат. Саясатчы Равшан Жээнбеков буларды билдирди:

“Кыргызстандагы расмий оппозициялык уюм биз болуп эсептелебиз. Ошол эле учурда президент, өкмөт кандай пландап атканын так айта албайбыз. Эгерде комиссия туура түзүлүп, максаттар туура коюлса, анда жетектегенге даярбыз. Анын курамына тажрыйбалуу, принциптерге бекем адамдардын тизмесин бердик. Биз ачык айкын документтерди текшерип, эксперттерди тартып, андан кийин болгон маалыматты коомго обьективдүү айтып берүүгө даярбыз. Эгер бийлик бут тоспой шарт түзүп берсе, анда бир айдын тегерегинде тыянак чыгарабыз”.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал расмий статистика жарыялаган 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын президент Жапаров 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Тенгиз Бөлтүрүк ким?

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Өлкөдөгү ири алтын кенин мамлекетке алууда Тенгиз Бөлтүрүк чечүүчү ролду ойногону айтылып келет.

2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

57 жаштагы Тенгиз Бөлтүрүк ​Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Кыргызстанга келгенге чейин чет мамлекетте жашап, эмгектенген.

Бөлтүрүк Москвадагы Болот жана эритмелер институнун (азыркы Улуттук технологиялык изилдөөлөр университети) аяктап, түстүү металлдарды иштетүү жана байытуу боюнча инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

Бөлтүрүк 1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

“Центерра Голд” компаниясынын буга чейин тараткан маалыматта, Тенгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев Тенгиз Бөлтүрүк канчалык айыпталбасын, анын Кумтөрдү Кыргызстанга өткөрүүдөгү эмгегин унутпаш керек деген пикирин айтты.

“Садыр Жапаров өзү ишенип алып келген. Мен дагы жеке сүйлөшкөндө жакшы ойдо калгам. Азыр таң калып отурам. Күнөөлөр коюла берет, бирок акыркы чечимди сот чыгарат. Бөлтүрүк канадалыктар менен чогуу иштешип, Торонтодо жашап келген. Андыктан “Центерра Голдун” сырларын билген. Ошон үчүн алар менен талаш-тартыш болгондо салымы чоң болгон деп ойлойм. Анын эмгегин эч качан четке какпаш керек. Азыр алтын кендин Кыргызстанга өтүшүн бир тарапка, азыркы айыптарды экинчи тарапка коюп баа бериш керек”.

Тенгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе экени да белгилүү. Эми аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловдун баш коргоо чарасы каралышы керек.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

На юго-востоке Москвы из-за массового ДТП парализовало движение

Собянин: Новая поликлиника в Филимонковском районе откроется в этом году

Песков рассказал, где будут жить собаки, подаренные Путину Ким Чен Ыном

Источник 360.ru: на юго-востоке Москвы мужчина поджег крышу дома и упал с нее

Музыкальные новости

Рысаки для Ким Чен Ына: коневод из Татарстана стал «другом корейского народа»

Мамиашвили: у МОК и Баха нет оправданий по недопуску российских спортсменов

«Магнит» и Everland запускают социальную программу для молодых людей с инвалидностью в 10 регионах

Бастрыкин велел доложить о расследовании дела по обращению медиков Новоуральска к нему и Путину

Новости России

Прокуратура: более 30 детей из лагеря «Белка» в Пензе обратились за медпомощью

Собянин: Новая поликлиника в Филимонковском районе откроется в этом году

В вопросе блокировки "Ютуба"в России появилось "если"

Москвичей пригласили на выставки в центральном округе

Экология в России и мире

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: что делать, если вас ужалила медуза

Витаводород — живая мыслящая материя, основа жизни на Земле

Деликатес в чаше: всего по чуть-чуть

Регистрация на Международную выставку FASHION STYLE RUSSIA ОТКРЫТА!

Спорт в России и мире

Российские теннисисты Хачанов и Самсонова отказались от участия в ОИ‑2024

Теннисист из Казахстана не сумел пробиться в основной раунд Уимблдона-2024

МОК официально допустил Медведева, Сафиуллина, Александрову и Андрееву на Олимпиаду

Уроженка Тамбова Арина Родионова вышла во второй круг квалификации Уимблдона

Moscow.media

Как снимали фильм "Афоня": Кадры со съемок и 23 интересных факта о фильме

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Врач рассказал об опасности заражения кишечной инфекцией при употреблении суши

В Петербурге рассказали о спросе на кроссовер JAECOO J8







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *