Чек ара: 24 адам каза таап, 121 жаран жаракат алды
![Чек ара: 24 адам каза таап, 121 жаран жаракат алды](https://gdb.rferl.org/09850000-0aff-0242-7fc5-08da98b90f13_tv_w800_h450.jpg)
Чек арадагы кагылышуудан 24 кыргыз жаран каза таап, дагы 121 киши жарадар болду. Чек арадагы кагылыштан улам 140 миңден ашык тургун коопсуз жакка жер которгонго аргасыз болду.
Куралдуу кагылышта жабыркап, жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуп, жөнөтүү уланууда.