Бишкектин көчөлөрүнө чек арада курман болгон жоокерлердин сүрөттөрү илинди
![Бишкектин көчөлөрүнө чек арада курман болгон жоокерлердин сүрөттөрү илинди](https://gdb.rferl.org/0c530000-0aff-0242-0858-08da9ec014c3_cx25_cy0_cw60_w800_h450.jpeg)
Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүнө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аскер кызматкерлеринин сүрөтү илинди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта баннерлер милициянын улук сержанты Дурус Каныбек уулунун, кенже сержант Манас Баатырбековдун, улук сержант Акылбек Ташбековдун, катардагы жоокер Айбек Абдилабековдун жана Атайын багыттагы полкунун кызматкери, ага сержант Мыктыбек Мурзажановдун жаркын элестерине арналганы белгиленген.
14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Бишкек "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай турумду карманууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти. Алардын кыркынан көбү аскер кызматкери экени айтылган.
Кыргыз бийлиги кошуна өлкө менен чектеш айылдарда жүздөгөн үйлөр талкаланганын маалымдаган. Тургундар убактылуу коопсуз аймактарда баш калкалап жатышат.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)