Жол кыймылы башкармалыгы Төө-Ашууда абайлоого айдоочуларды чакырды
![Жол кыймылы башкармалыгы Төө-Ашууда абайлоого айдоочуларды чакырды](https://gdb.rferl.org/10040000-0aff-0242-6a13-08da5f2e0725_w800_h450.jpg)
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга кар түшкөнүнө байланыштуу, айдоочуларды айдоочуларды этият болууга үндөгөн билдирүү таратты.
Анда жол эрежелерин сактоо керектиги айтылып, мүмкүн болсо бул күндөрү жолго чыкпоо сунушталды.
Кыргызгидромет кызматы 4-октябрдан тартып көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде жаан жаай турганын билдирүүдө. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. (КЕ)