Майлуу-Суу: балатыны өрттөгөн аялга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
![Майлуу-Суу: балатыны өрттөгөн аялга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү](https://gdb.rferl.org/08810000-0a00-0242-b087-08d9cd029b4a_cx0_cy61_cw0_w800_h450.jpg)
30-декабрга караган түнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында балаты өрттөгөн деген шек менен 34 жаштагы аял кармалып, ага түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта шектүү келин "Аяз ата жок, ишенбейм!" деп балатыны өрттөп жибергени тууралуу көрсөтмө бергени айтылат.
Майлуу-Суу шаардык мэриясы билдиргендей, балаты маданият үйүнүн жанына 25-декабрда орнотулган. Бийиктиги 5 метр, туурасы 1,5 метрди түзгөн балатыны кооздоого 90 миң сомдой каражат бөлүнгөн. Учурда келтирилген чыгымды төлөтүү боюнча иштер жүрүүдө.
Буга чейин Кара-Көл шаарында дагы балатыны жергиликтүү төрт жаран өрттөп жиберген. Аларды милиция кармап, чыгымдарын төлөтүп, балаты кайра орнотулган. (ТВ)