Өзбекстанда алдыдагы сууктан улам кышкы каникулдун мөөнөтү узарды
![Өзбекстанда алдыдагы сууктан улам кышкы каникулдун мөөнөтү узарды](https://gdb.rferl.org/cc5d70c9-4fd9-438b-8c09-402fb6e112dd_w800_h450.jpg)
Өзбекстанда бардык мектептерде, жогорку окуу жайларда кышкы каникулдун мөөнөтү 17-январга чейин узартылды. Ошондой эле бала бакчалар 10-18-январь күндөрү мөөнөтсүз тыныгууга чыгат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Өзбекстанда кышкы каникул 9-январда аяктап, окуу 10-январда башталмак. Каникул келерки аптада аба ырайы кескин өзгөрүп, 10-15-январь күндөрү катуу суук болушу ыктымалдыгына байланыштуу узарды.
Кыргызстанда дагы Гидрометеорология борбору келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөшүн маалымдаган.
Мекеменин маалыматына караганда, 8-январга чейин өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. 9-январдан тартып өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, 11-январдан кийин андан да суук болот.