Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ырчылар фонограммасыз ырдоого макулбу?

2023-жылдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана ири иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин бул кадамын колдогондор да, сындагандар да арбын. Эске сала кетсек, өлкөдө буга чейин эле фонограммага тыюу салган буйруктар чыккан.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койгон документке ылайык, эми театрда, кинозалда, музейде, клубда, китепканаларда жана спорттук имараттарда фонограмма менен ырдоого болбойт.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Мамбетмусаева бул ирет буйрук ишке ашат деп ишендирүүдө.




“Буга чейин фонограммага тыюу салынсын деген жалпы буйруктар эле. Аларды аткарууга мүмкүн эмес болчу. Анткени мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги иш-чараларда сөзсүз Гимн ойнолууга тийиш болсо, аны да фонограмма менен аткарышчу. Ошондуктан буйрук аткарылган эмес. Анткени бардык жерге оркестр, ансамблди коштоп алып баруу мүмкүн эмес болчу. Бул бир гана мисал. Бул жолку буйруктун өзгөчөлүгү вокалдык аткаруучулукка, башкача айтканда ырчылардын өзүнүн үнү менен ырдашына так басым жасалды жана ал аткарылат деп кепилдик беребиз”.



Фонограмманы ооздуктай турган №557 буйрук 2022-жылдын 30-декабрында чыккан. Анда эстрадалык багыттагы концерттер жана шоу программалар баштагыдай эле улана бере турганы так көрсөтүлгөн.


Артисттерге ырды оркестр коштоосунда аткарышы шарт эмес, техникалык фонограммага (минусовка) уруксат берилет, бирок андагы вокалдык аткаруу бир гана ырчынын аткаруусунда ишке ашуусу керек. Буйрукту ар бир маданият мекемесинин жетекчиси аткарууга милдеттүү. Мекеменин өзү өткөргөн же ижаралык иш-чарага да жетекчилик жооптуу болот.


Ижаралык келишимдерге да ырчы вокалдык аткарууда өз үнү менен гана ырдашы керектиги жөнүндө пункт киргизилет.


Маданият министрлигинин билдиришинче маал-маалы менен текшерүү жүрүп турат жана социалдык тармактардан да талдоого алынат.


Талап аткарылбаган учурда иш-чараны өткөргөндөр жана маданий жайдын жетекчиси жоопко тартылат. Бирок мекеме кандай жоопкерчиликке тарта турганын ачык айткан жок.


"Артисттерге шарт түзүлүшү керек"


Кыргызстанда фонограмма менен ырдоо 1995-2000-жылдар аралыгында кеңири жайылган. Ага тыюу салуу маселеси көптөн бери талкууланып келет.


Бул маселе көтөрүлгөн сайын өлкөдө сапаттуу концерт өткөрүүгө талаптагыдай техникалык каражаттар жок экени да айтылат.


"Азаттык" былтыр 2022-жылдын башында да фонограмма маселеси көтөрүлгөндө талкуу өткөргөн. (Талкуу 15.01.2022-ж. эфирге чыккан)



 


Эстрада ырчысы Чолпон Талипбек мыйзам ишке ашышы үчүн маданий жайдагы техника сапаттуу, талапка ылайык болушу керек деп эсептейт.




“Чынында биз артисттер фонограммасыз ырдоону колдоого алабыз. Анткени бул таптакыр башка атмосфера. Бир гана каалообуз ырчыларга залда комфорт түзүлүп, аппаратуралар талапка ылайык сапаттуу болсо дейбиз. Адатта кээ бир жерге барганыбызда аппаратура начар болуп чыгат. Анан кайдагы жандуу ырдоо? Бул ыңгайсыздык жаратат. Чынында чет өлкөдөгү иш-чараларга, конкурстарга катышкан ырчылар өз үнүбүз менен ырдоодон коркпойбуз".


"Фонограмма ырдагандан уялам"


Музыка чөйрөсүндөгү адистердин айтымында учурда сапаттуу концертти Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда гана өткөрсө болот.



Улуттук филармониянын кызматкери, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Максат Кулуевдин айтымында, министрликтин буйругу чыкканга чейин эле аталган жайда фонограммасыз ырдоо ишке аша баштаган.




“Фонограмманы тыюу – кубанарлык иш. Мен өзүм төкмө акындык менен катар обончулукту да аркалап жүрөм да. Эстрадалык жанрдагы чыгармаларым да бар. Бирок фонограмма менен ырдаганда кадимкидей кыжалат болом. Оозумду кыбыратып ырдап койгондо бирөөлөрдү алдап жаткандай уялам. Андайда аккордеонумду алып чыгып жандуу да ырдап берем. Филармонияда күздөн бери фонограммасыз ырдоо кескин түрдө тыйылган. Ага чейин да көп ирет эскертилген. Мына, декабрь айынын соңунда бир канча концертке катышканымда ырчылар фонограммасыз ырдады. Кээ бир эстрада ырчылары бир топ ай мурда концерт коюуну пландап, филармониянын залын ижарага алып коюшкан. Эми алардын көбү буйрук чыккандан кийин спорт ордосуна кетип жатканын уктум. Эми бизде сандан сапатка өтүп жатканыбыз байкалууда. Фонграммасыз концерт жакшы да баары бир. Эл менен артисттин ортосунда байланыш болот, жакшы аура түзүлөт”.



Белгилүү эстрада ырчысы Өктөм Сапар уулу да фонограмманы тыюуну колдоп жатат. Ал ушул буйрук өтөсүнө чыкса, үнү жок ырчылар азаймак деди.




“Буйруктун чыгышын колдодум. Маданий мекмелерде өз үнүң менен ырдаганга шарт жок дегендер жөн эле шылтоо кылып жатат. Ырдай алгандар шарт жок жерлерде деле эл алдына чыгат. Фонограмманын жоюлушун колдогондордун биримин. Эми бул буйрукка тыкыр көзөмөл болсо эстраданын сапаты жогорулайт деп ишенем. Буга чейин баары эле фонограмма менен ырдагандыктан эл кимдин кандай үнү бар экенин билчү эмес да".



Фонограммасыз ырдоону көпчүлүгү жактап жатканы менен буга каршы болгондор да аз эмес. Бул арада айрым ырчылар социалдык тармактарга сапатсыз аппаратуралар тууралуу шакабаларды жазууга да жетишти.




 


"Угармандын деңгээлин көтөрүү керек"


Продюсер Асыл Аппасова министрликтин бул кадамын пландык иш катары эле баалап жатат. Ал фонограммасыз ырдоо филармонияда токтогону менен башка жайларда улана берет деген пикирде.




“Ар бир министр кызматка келгенде эле фонограмма маселеси көтөрүлүп калат. Кээ бирлери баштап коюп аягына чыкпаганын да көрдүк. Бул жолкусун деле мен пландык иш катары кабыл алып койдум. Экинчиден, фонограмманы токтотуу үчүн алгач ошого жараша шарт түзүлүшү керек. Шартты түзүп туруп анан өз үнү менен ырдоону талап кылса туура болмок. Фонограмманы азыр министрликке караштуу филармониядан, театрлардан токтотуп койду. Бирок башка мекемелер көп да. Мисалы, спорт ордосунда фонограмма менен эле ырдап жатпайбы. Андан сырткары социалдык тармактарда каалаган ырды каалагандай ырдап жатат. Эл да социалдык тармактарга басым жасап калды. Аларды кантип токтотушат? Токтотуу мүмкүн эмес да. Чындап эле биз фонограмманы токтоткубуз келсе анда угармандардын деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Биз өзүбүз жеңил ырларды угуп, тойлордо ошол жеңил ырларга ырдап-бийлеп жүрбөйлүбү. Мен мына ушул тармакта көптөн бери жүрөм. Кейигеним, үнү чындап мыкты ырчылар бааланбайт. Алардын жанында той ырчылары сый үстүндө жүрүшөт”.



Маданият министрлиги 2021-жылы февралда Кыргызстандагы концерттерде ырчылардын фонограмма же өз үнү менен ырдай турганын афишага жазууга милдеттендирүү боюнча мыйзамды демилгелеген. Бул демилге каччалык ишке ашканы белгисиз.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Венера одобряет: семь дней стрижек для удачи и больших финансов в октябре 2024

"Фонтанка": в Пулково задержали похитителя ребенка, которого искали семь лет

Ученые рассказали, чем опасен постоянный стресс для организма

Свежие новости о мобилизации в РФ от 28 сентября 2024: будет ли вторая волна, заявления экспертов

Музыкальные новости

На матче "ЦСКА-Динамо" родилась новая семья

Лукашенко назвал условие, при котором Минск применит ядерное оружие

Президент РПЛ Александр Алаев отреагировал на заявление футболиста Глушенкова

Патрушев заявил, что прибалтийские страны модернизируют инфраструктуру для НАТО

Новости России

Ученые рассказали, чем опасен постоянный стресс для организма

В Ульяновске прозвучит одно из величайших произведений «Реквием»

Чем жили. В сентябре были снега и землетрясения

Следствие установит точный ущерб по делу о поставках сухпайков в Минобороны РФ

Экология в России и мире

В городском округе Домодедово проведена агитационно-разъяснительная работа с населением о сохранности имущества.

Кристина Орбакайте ставит точку в своих отношениях с Россией

Домодедово раскрыл 20 лучших маршрутов для отдыха в бархатный сезон

Коллекция Nensi Dojaka весна-лето 2025

Спорт в России и мире

Томми Пол уступил Томашу Махачу во втором круге турнира ATP-500 в Токио

Токио (ATP). 1-й круг. Хуркач сыграет с Гироном, Берреттини – с ван де Зандшульпом

Камилла Рахимова вышла во второй круг WTA-1000 в Пекине, обыграв Кимберли Биррелл

Стало известно, кто из россиян примет участие в турнире ATP-500 в Вене в конце октября

Moscow.media

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

"Пейзажи Карелии"

Более 30 автодорог отремонтировали в подмосковном Красногорске

В «Деловых Линиях» рассказали о росте спроса на интеграционные решения более чем в 3 раза







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *