Аба ырайы: күн ачык болот
![Аба ырайы: күн ачык болот](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-b7be-08db32a5ef96_cx0_cy3_cw0_w800_h450.jpeg)
Синоптиктердин маалымытан караганда, 13-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 26…28° жылуу болот.