Пакистанда шамал аралаш жаан 27 кишини мерт кылды
![Пакистанда шамал аралаш жаан 27 кишини мерт кылды](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f55c-08db6a50a706_w800_h450.jpg)
Бул туурасында "Франц-пресс" жаңылыктар агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянып жазды. Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча башкармалыктын өкүлү каза тапкан 27 кишинин сегизи балдар экенин билдирди. Анын айтымында, бороон 10-июнда Хайбер-Пахтунхва провинциясынын төрт аймагында кечинде болгон. Банну районунда каза тапкан 15 кишинин бешөө 2 жаштан 11 жашка чейинки бир туугандар экени маалым болду. Жаратылыш кырсыгынан 140тан ашык киши жарат алып, 200 баш мал кырылды.