Азап тарткан аялдарга иш берген борбор
![Азап тарткан аялдарга иш берген борбор](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-79a9-08db81f2725e_tv_w800_h450.jpg)
Жалал-Абад шаарында социалдык колдоого муктаж жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү максатында “Каниет” реабилитациялык борборунун алдында кийим тигүүчү цех ачылган. Учурда ишканада 30га чукул айымдар эмгектенип, күнүмдүк кем-карчына жете турган акча табууда.