Президент "Кумтөр", "Мегакомдон" акча алып жүргөн сайттар жөнүндө айтты
Садыр Жапаров анын саясатын сындаган сайттар буга чейин "Кумтөрдөн", айрым мамлекеттик ишкана-мекемелерден акча алып турганын, өзү бийликке келгенде аны токтотконун жарыялады.
"Так кесе эле жооп берейин. Мурда ошолордун баары "Кумтөр", "Мегаком", аэропорттон акча алып турушкан. Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты эки-үч миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшылык иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм",-деп жооп берген Жапаров.
Президент анда сөз кайсы сайттар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес.
"Кумтөр", "Мегаком" компаниялары, "Манас" эл аралык аба майданы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.