Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Айылда алыш күрөшүн тандаган кыздар

Айылда алыш күрөшүн тандаган кыздар

Кыргызстанда, айрыкча айыл-кыштактарда алыш бел боо күрөшү менен алектенген кыздар көбөйдү. Балбан кыздар үй оокатын жасап, окуп, машыгып эле тим болбостон эл аралык мелдештерде да ийгилик жаратууда.

"Азаттык" Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Каба айылында алыш күрөшү менен алектенген чемпион кыздар тууралуу баяндайт.

Айылдык кыздар София, Мадина жана Арууке алыш бел боо күрөшү менен машыгат. Кыздардын эң уулусу София Заирова (сүрөттө оңдо-ред.) - спорттун бул түрү боюнча Кыргызстанда өткөн чемпионатынын күмүш, коло байгелеринин ээси.

15 жаштагы Мадинанын (сүрөттө ортодо) алыш күрөшү менен машыга баштаганына бир жылдан ашты. Ал бул аралыкта өспүрүмдөр арасындагы дүйнө кубогунда алтын байге уткан.

Арууке Акибаева (сүрөттө солдо) 16 жашта. Ал дагы алыш күрөшү менен бир жылдан бери машыгып келет.

София Заирова үйдүн кичүүсү. Анын алыш күрөшүнө келишине бир тууган агасы себеп болгон.

"Агам айылдагы тойлордо күрөшкө түшүп дайыма жеңип келет эле. Кээде акчалай сыйлык алса, кээде күрөштө утканы үчүн кой, уй, килем, идиш-аяк беришчү. Айылда зал жок болгондуктан, агам үйдө машыкчу. Анын тойлордон уткан белектерин көрүп менин да күрөшкүм келчү (күлүп). Анан мен да агамды туурап үйдө машыга баштадым. Кийин айылда алыш күрөшүнөн зал ачылып, ошол жакта машыгып калдык. Азыр агам Орусияга иштегени кеткен", - дейт София.

"Башында залда кыздардан мен жалгыз эле машыгып жүрчүмүн. Райондук, облустук мелдештерде ийгилик жарата баштаганымда айылдагы кыздар да алыш күрөшүнө кызыга баштады. Мектепте окуган кыздар менден күрөш тууралуу сурап, кызыгуусун айта башташты. Айылыбызда зал ачылганда жалаң балдар барчу. Мен алар менен күрөшүп машыгат элем. Кийин мени көрүп кыздар да келе баштады", - дейт София.

Биз барганда София апасы менен чемичке кургатып жаткан экен.

"Айылдагы зал үйдүн жаныда болгондуктан бош убакта залга кирип машыга берем. Короодо да агам жасаган аркан, гантелдер менен машыгам. Анан, албетте, башка айылдык кыздар сыяктуу эле үй жумуштарын жасайм. Суу ташып, тамак жасап, кээде кой кайтарам".

София алыш күрөшүнөн дүйнө чемпиону болууну кыялданат. Ал үчүн балбан кыз тынбай машыгууда.

"Мен деле башка айылдык кыздар туш болгон тоскоолдуктарга кабылдым. Азыр деле "спорт, күрөш кыздардын иши эмес" деген сөздөрдү көп угам. Бишкектеги спорт мектебинде окугум келген. Ата-энем каршы болуп койду. Мындан ары да алыш күрөшү менен машыга берем. Эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстандын желегин желбиретким келет. Анткени кыздар да спорттон ийгилик жарата аларына көзүм жетти", - деди София.

Аруукенин алыш күрөшүнө келгенине бир жылдан ашты. Ал азыр алыш күрөшү үчүн эң керектүү машыгууну жасоодо. 

"Апам мени өзү күрөшкө жөнөттү. Анткени апам ат минип, тоодо чоңойгон экен. Ошол себептүү да менин спорт менен машыкканымды каалады окшойт. Андан сырткары айылдагы кыздар да машыга баштады. Классташтарым да машыгат. Азыр күндө эртең менен тоодон чуркап, үйдөн дөңгөлөк түртүп машыгып турам", - деди спортчу кыз.

 

15 жаштагы Мадина айылдашы Софияны көрүп алыш күрөшүнө келген:

"Мектепте кыздардан жалгыз София эже алыш күрөшү менен машыкчу. Мелдештерден утуп келген сайын мугалимдер мактап, бизге үлгү кылып айтышчу. Аны көрүп мен да алыш күрөшү менен машыккым келди. Ошентин залга келгем. София эже башында бизди өзү машыктырчу. Азыр Эламан агай (машыктыруучу) келип, машыктырып жатат", - деди Мадина.

Мадинанын ата-энеси короосунда помидор өстүрүп, чакан ишкердик кылат. Кызы аларга жардам берет. Ата-энеси кызынын кызыгуусун колдойт.

"Спорт мени токтоолукка үйрөттү. Башында көп сүйлөйт элем. Атам менен апам да эч жакка чыгарышчу эмес. Күрөш менен машыгып, мелдештерде утуп келгенимди көрүп, ата-энемдин мага ишеничи арта баштады. Азыр мен Жалал-Абад, Ош, Бишкектеги мелдештерге барып жатам. Кээде утулам. Утсам аябай сүйүнөм. Азыр кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатына катышып, биринчи орунду алсам деген оюм бар", - дейт Мадина.

Каба айылында балдар үчүн алыш күрөшүнөн башка зал жок.

Бул чакан залда 30га жакын улан-кыздар машыгат. Мурда бул жер чайкана болгон.

Айылдын чет жерде иштеген тургундары балдардын машыгуусу үчүн ай сайын акча которуп, балдар бекер машыгат. Азыр күрөш залды туруктуу жана мыйзамдуу ишке киргизүүгө USAID уюмунун "Ийгиликтүү аймак 2" долбоору көмөктөшүп, машыктыруучуну ачык сынак аркылуу тандоого, ата-энелер менен келишимдерди иштеп чыгууга жана кызматтын тарифин бекитүүгө жардам берген. Азыр мында машыккан ар бир бала ай сайын 300 сом төлөйт.

Алыш бел боо күрөшү боюнча боюнча эл аралык федерация 2001-жылы негизделип, бир жылдан кийин каттоодон өткөн.

2008-жылы Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюумуна мүчө болгон. Учурда дүйнөнүн төрт континентинин 70тен ашуун өлкөсүндө улуттук федерациялар бар. Күрөштүн бул түрүнөн Азиянын, Европанын жана дүйнөнүн чемпиондуктары календарлык планга ылайык жыл сайын өткөрүлүп келет. Алыш 2017-жылы Түркмөнстанда боло турган чатыр астында ойнолуучу V Азия оюндарынын программасына киргизилип, бул мелдештен кыргыз балбандары байгелүү кайткан.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Более 75 тысяч человек отметили День молодежи в Подмосковье

Инженера из России превратили в мясника. Учёного из Саратовской области обвиняют в убийстве «паранормальной» жены

Итальянские блюда - новые любимцы российских потребителей

“Мы воспитываем будущих специалистов от и до”: Л.В. Чичановская о первом годе связи гимназии при Тверском ГМУ

Музыкальные новости

S&P повысило прогноз по рейтингу «дочек» Freedom Holding Corp. до позитивного

Бастрыкин разберётся: молодой челябинец скончался в больнице

Надежда Бабкина: Если кто-то говорит вам, что культура может быть вне политики - не верьте

Чемпионат России по парусному спорту состоялся в Ульяновской области

Новости России

Команда «ВВА-Подмосковье» завоевала серебро на чемпионате России по регби

Выставка, мастер-класс и концерт прошли в Воскресенске в День молодежи

Итальянские блюда - новые любимцы российских потребителей

Реконструкцию складского комплекса завершат в Дмитрове в 2026 году

Экология в России и мире

Итоги творческой встречи с Алексеем Данилиным

Zegna menswear весна-лето 2025 (SS-2025)

Зимние чартеры в Таиланд расширили: названы новые маршруты и цены

Гастроэнтеролог Садыков назвал дыню натуральным средством от запоров

Спорт в России и мире

Первая ракетка России Касаткина вошла в топ-10 чемпионской гонки WTA

Дубль перед Уимблдоном: Касаткина и Шнайдер выиграли турниры WTA в Истбурне и Бад-Хомбурге

Анна Калинская и Янник Синнер были замечены вместе на Уимблдоне

Касаткина и Шнайдер блеснули на траве перед Уимблдоном. Идеальный день для российского тенниса

Moscow.media

Бывший завод Фольксвагена в Калуге снова обещают запустить. Уже в третий раз

Парковка станет платной ещё в нескольких «спальных» районах Москвы. В том числе за МКАДом

Стартовали отборочные этапы конкурса «Мастер – Золотые руки 2025»

Усадьба князей Куракиных







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *