УКМК Сузакта Июнь окуясына шектүүлөр кармалганын билдирди
![УКМК Сузакта Июнь окуясына шектүүлөр кармалганын билдирди](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-cb9e-08dbb50bc11c_w800_h450.jpeg)
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2010-жылдагы Июнь окуяcына тиешеси бар жергиликтүү тургундар кармалганын бүгүн 14-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеме аларды жикчил топтордун лидерлери деп атады.
12-сентябрда колго түшүрүлгөн алты кишинин улуусу 65 жашта, кичүүсү 43 жашта экени белгилүү болду. Атайын кызмат алар Июнь калабасы учурунда “жапырт башаламандыкка чакырган, жолдорду тороп, ал жерден качып чыгууга аракет кылган жай тургундарга кол салган” деп маалымдады. Кармалгандардын бири, УКМК билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын 48 жаштагы тургунун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси болгон.
Шектүүлөр баары атайын кызматтын тергөө абагына камалышты.
2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.
2021-жылы УКМК каргаша тууралуу козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.