Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Клооп" сайты бөгөттөлдү, журналисттер соцтармакка көчтү

Кыргызстанда көз карандысыз "Клооп" порталынын сайтын бир нече провайдер бөгөттөдү. Мунун алдында Маданият жана маалымат министрлиги камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылып, басылма андан баш тарткан.

“Клооп” бийлик өкүлдөрүнүн аты аталган коррупция тууралуу макалаларды, иликтөөлөрдү жарыялап келет. Бишкектин прокурору басылманы толугу менен жабуу өтүнүчү менен сотко да кайрылган. Медиа коомчулук соңку мезгилде бийликти сындаган басылмаларга жана блогер, активисттерге басым күчөгөнүн айтып жатат.

"Маалымат таратуунун башка жолун табабыз"

13-сентябрдан тарта "Клооп" басылмасынын сайты өлкөдөгү бир нече интернет провайдерлерде ачылбай калды. Басылма "бир катар провайдер "Фейк маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн "Клооптун" сайтын бөгөттөгөнүн жазды.

Алардын катарында "О!" уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бар экени белгилүү болду.

"Клооп" басылмасынын кыргыз бөлүмүнүн редактору Бегайым Талантбекова сайттын бөгөттөлүшү күтүлүп келгенин, бирок бул мыйзамсыз аракет экенин билдирди. Редакция өлкөдөгү болуп жаткан окуяларды чагылдыруусун токтотпой, эми социалдык тармактарга көбүрөөк басым жасоо менен ишин уланта берерин айтты.

"Маданият министрлиги талап кылгандай Равшан Жээнбеков тууралуу маалыматты өчүргөн жокпуз. Ошондуктан министрликтин чечимие ылайык айрым интернет провайдерлер сайтыбызга кирүүнү бөгөттөдү. Бул биздин иштөө форматыбызды өзгөртөт. Мындан ары социалдык тармактарда көбүрөөк иш алып барабыз. Биз Кыргызстандын элин бейтарап, чынчыл маалымат менен камсыздоонун башка да жолун табабыз".

7-сентябрда Маданият жана маалымат министрлиги "Клооп" жазган камактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылганы тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылып, кат жөнөткөн.

Министрлик өз талабын "бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп негиздеген.

12-сентябрда "Клооптун" редакциясы министрликтин талабы мыйзамсыз экенин белгилеп, макала өчүрүлбөй турганын жарыялаган. Аталган медиа буга чейинки бийликтердин тушунда да басымга да кабылганын, бирок бул жолу өлкөдө пикирин эркин айткандарга жана тынч жыйындарга чогулууга каршы чоң өнөктүк жүрүп жатканын билдирүүдө.

"Бийликтин бардык аракети "Клоопту" жабууга багытталган. Маселен, буга чейин "Клооп" коомдук фондук юридикалык жактан жабуу керек дешсе, эми сайтты бөгөттөдү. Мындай мамиле бир гана бизге болгон жок. Бир катар медиаларга эскертүүлөр болгон, "Азаттыктын" сайты бир нече ай жабык турду. Андан сырткары активисттер Facebook баракчасына жазган пикири үчүн камалууда. Ошондуктан өлкөдө басма сөз эркиндигине, эркин ой жүгүртүүгө, эркин пикир билдирүүгө жана тынч жыйындарга чогулууга каршы чоң өнөктүк жүрүүдө", - деди Бегайым Талантбекова.

Маданият, маалымат министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башкы адиси Зарина Калмуратова "Клооп" басылмасы боюнча комиссия териштирүү жүргүзүп, адилет чечим чыгарды деп эсептейт.

"Kloop.kg сайты Равшан Жээнбеков тууралуу жазган маалыматын төрт кишиден турган комиссия карап чыкты. Андан сырткары аталган басылманын эки юристи, УКМКнын эки кызматкери келген. Отурумдун жүрүшүндө комиссия басылманын өкүлдөрүнө "Бардык маалыматтар туура жана так чыгарылышы керек. Сиздер Равшан Жээнбеков тууралуу жазарда УКМКнын маалымат кызматы менен байланышып, үнүн уктуңар беле? Маалымат такталды беле?" деди. Бирок өз жообунда алар "жок" деген жооп узатты. Ошондуктан комиссия министрликтин чечимин күчүндө калтырып, медианын даттануусун канаттандырган жок".

1-сентябрда kloop.kg сайтында “Саясатчы Равшан Жээнбеков №1 тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди” деген кабар жарыяланган. Макала саясатчынын Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүнө таянып жазылган. Жаңылыкка Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) да комментарийи кошулуп, анда "саясатчы тергөө абагында кыйноого кабылбаганы, бардыгы мыйзам чегинде кармалып жатканы" айтылган.

Абактагы Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары да жарыялаган.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган. Бул арыз боюнча алгачкы соттук жараян 26-сентябрга белгиленди.

Талаштуу "Фейк маалыматтын коргоо"жөнүндө мыйзамга таянуу менен кезектеги маалымат каражатынын сайты бөгөттөлдү. Бийликтин мындай аракеттерин сөз эркиндигине басым деп бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирген.

8-сентябрда эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигине "Клооп" басылмасына кысым жасоону токтотууга чакырган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, аны менен кошо жоопкерчилик болушу керектигин кайталап келет. Сөз эркиндиги, адам укугу жаатындагы жергиликтүү жана эл аралык уюмдар "Клооп Медиа" мекемесин жабуу аракетине тынчсыздануусун билдирген кайрылуу тараткан.

"Эркин медиага басым Кыргызстанга аброй алып келбейт"

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков бийликтин структуралары демократия жана сөз эркиндиги өлкөнү өнүктүрүүдө негизги көрсөткүчтөрү экенин жакшы түшүнбөй жатат деп эсептейт:

"Эгер сөз эркиндиги болбосо, экономика да өнүкпөйт, бул түшүнүктүү. Маселен, өз оюн ачык айтып, пикирин билдирген өлкөлөрдө атаандаш чөйрө, соттун акыйкаттуулугу бар. Ал эми адилеттүү сот бар жерге инвесторлор келип, экономика өнүгөт. Тилекке каршы, биздин бийликтегилер буга жакшы карабай, түшүнгүсү келбей жатат. Эл аралык практикага ылайык, кайсы бир ЖМКга нааразылык же суроолор болсо, сотко кайрылышат. Азыр эми эл аралык уюмдар кандай чара колдонору белгисиз, бирок бул көрүнүш жакшы эмес".

11-сентябрда OCCRP, Kloop, “Власть” жана Temirov LIVE басылмалары биргелешкен иликтөөсүн чыгарган. Анда президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун досторунун Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн, кытайлык чуулгандуу ишкер Хабибула Абдукадыр менен бирге ири долбоорлорго катышы жөнүндө журналисттик иликтөө жарыяланган.

2008-жылдан бери иштеп келе жаткан “Клооп” басылмасы бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Анын журналисттери "Азаттык" радиосу менен бирге бажы тармагындагы чуулгандуу иштердин бетин ачкан.

"Клооптон" сырткары ушул тапта бийликти сындаган "Кактус медиа" миллиондук доого жыгылып, көз карандысыз “ПолитКлиника” мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Десять российских туроператоров закрыли из-за отсутствия финансовых гарантий

Два человека пострадали в аварии на юго-востоке Москвы

Путин тайно договорился с элитой США. Уже этой осенью мир перестанет быть прежним - заявил советник Сечина

Эндокринолог объяснил причину хронической усталости и выгорания

Музыкальные новости

Собянин рассказал о работе московских центров ментального здоровья

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: что делать, если вас ужалила медуза

Чемпионат города Мурманска по спортивно-прикладному собаководству

Новости России

Капитальный ремонт трех дорог завершили в Химках

ДЛЯ ЧЕГО МОГУТ КАЗНИТЬ АДЕПТОВ "ЕСТЕСТВЕННОГО ОТБОРА". СОВЕТЫ ВЫСШЕГО ВСЕНАРОДНОГО ПРЕЗИДЕНТА.

Десять российских туроператоров закрыли из-за отсутствия финансовых гарантий

Путин тайно договорился с элитой США. Уже этой осенью мир перестанет быть прежним - заявил советник Сечина

Экология в России и мире

Подвески, шармы и браслеты за покупку брендовой оптики: «585*ЗОЛОТОЙ» анонсировала новую акцию

«Авиаторы» возглавили рейтинг самых популярных солнцезащитных очков у россиян – «585*ЗОЛОТОЙ»

Ледяная ловушка: доктор Кутушов рассказал про опасность мороженого в жаркую погоду

Познание мышления мозга

Спорт в России и мире

Теннисист из Казахстана не сумел пробиться в основной раунд Уимблдона-2024

Хачанов и Калинская выступят на турнире в Вашингтоне, который пройдет во время Олимпиады

Теннисисты Котов и Калинская получили приглашение на Олимпиаду в Париже

МОК допустил Медведева и Андрееву к участию в Олимпиаде

Moscow.media

Более 12 млн раз проехали автомобилисты по платной трассе М-12 Восток

Инициатива об увеличении лимитов ОСАГО в рамках европротокола – мнение экспертов

Комментировать олимпийские игры будет ИИ-клон 79-летнего диктора Эла Майклса

Nubes (НУБЕС) предоставил масштабируемое облако для платформы Qrooto







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *