Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бакунун Тоолуу Карабактагы "антитеррордук операциясы"

Азербайжандын өкмөтү жикчил Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын билдирди.


Өлкөнүн Коргоо министрлиги 19-сентябрда тараткан билдирүүдө "Азербайжан Республикасынын конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирүү максатында аймакта жергиликтүү антитеррордук иш-чаралар башталганы" айтылат.




19-сентябрдын таңында расмий Баку Ахмедбейли-Физули-Шуши автожолунда электромонтаж иштерин жүргүзүп жүргөн эки карапайым тургун "Тоолуу Карабактын коргонуу армиясы орноткон миналардан" мүрт кеткенин кабарлаган. Бир нече сааттан кийин азери бийлиги минанын жарылуусунан Ички иштер министрлигинин төрт кызматкери набыт болгонун билдирген.


Жикчил аймактын бийлиги бул дооматтарды четке каккан.


Азербайжандын Ички иштер министрлиги Арменияны 2020-жылдын 9-ноябрында кабыл алынган үч тараптуу билдирүүнүн төртүнчү баскычын бузганы үчүн айыптап, "Ереван куурчак режимди колдонуу менен чөлкөмдөгү аскердик чыңалууну күчөтүп, аскердик аракеттерди жана аймакты миналоону улантып жактанын" билдирди.


Ошондой эле мекеме бир гана "аскердик обьектилер аткыланып жатканын", аймактан армян аскерлери чыгарылганда гана тынчтык тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин белгиледи.


Анткен менен Армениянын Коргоо министрлиги Бакуга жооп кайтарып, Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин маалымдады.


Баку Азербайжан Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгына жана түрк-орус байкоочу борборунун жетекчилигине жасаган аракеттери тууралуу маалымат бергенин белгилейт.


Армян парламентиндеги оппозициячыл фракциянын депутат Тигран Абромян:


"Азербайжан Тоолуу Карабакта "террорчулук" деген жалган доомат менен ар кандай курал-жаракты колдонуп, аскердик обьектилерди аткылоодо", - деп жазды.


Атышуу тууралуу Тоолуу Карабактагы көз карандысыз журналист Марут Ванян дагы "Азаттыктын" армян кызматына билдирди.


"Учурда Степанакертте жарылуулардын добушу чыгып жатат. Бала-бакыралар жертөлөлөргө түшүрүлдү. Тереземден Шуша тартаптан жардыруулардын үнү угулууда. Биринчи жардыруулар абдан жакын болгондой сезилди. Артиллерия катуу иштеп жатат, тынымсыз аткылоо уланууда", - деди Ванян.


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Тоолуу Карабактагы эскалация боюнча тынчсыздануусун билдирип, тараптарды саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолуна кайтууга чакырды.



"Тоолуу Карабактагы кырдаалдын кескин курчуп кетиши боюнча терең тынчсыздануудабыз. Азери куралдуу күчтөрү аймакта Баку «антитеррордук операция» деп атаган аракеттерди баштаганы жана аларга каршы жергиликтүү армян куралдуу түзүмдөрү жооп кайтарып жатканы тууралуу кабарлар түшүп жатат. Орус тарап жаңжалдашкан тараптарды кан төгүүнү, аскердик аракеттерди токтоосуз токтотуп, саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолуна кайтууга чакырат", - деди министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова.


Армения менен Азербайжан ондогон жылдардан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келет.


2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.


Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.


Лачын коридорунун жабылышы, Тоолуу Карабактагы кризис

Соңку бир жарым айдан бери Ереван Бакуну Армения менен жикчил Тоолуу Карабакты байланыштырган Лачын коридорун жабуу менен "Тоолуу Карабакта гуманитардык кризис жаратып жатат" деп айыптап келген. Баку бул дооматтарды четке каккан.


АКШ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык уюмдар гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн Азербайжан бийлигин коридорду ачууга чакырган.


Жикчил Тоолуу Карабактагы армян бийлигинин көзөмөлүндөгү Степанакерт шаарына 18-сентябрда Эл аралык Кызыл чырым уюмунун гуманитардык жүк салган автоунаалары барганын Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев билдирген.


Анын айтымында, жүк ташыган автоунаалар эки багыттан - Азербайжан тараптан Агдам, Армения тараптан Лачын коридору аркылуу өттү. Гажиев "Автоунаалардын Лачын коридору аркылуу өтүшү ал жерде эч кандай блокаданын жоктугунун далили болуп калганын" белгиледи.


Армян маалымат каражаттары Еревандан Степанакертке 23 тонна ун жеткирилгенин ырстады. Мындан тышкары Агдам каттамы аркылуу Тоолуу Карабакка Орусиянын жана Швейцариянын өндүрүшүнөн чыккан медициналык жана гигиеналык каражаттар жеткирилди.


Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей армян отурукташкан.




АКШ-Армения аскердик машыгуулары

Армениянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Eagle Partner-2023 деп аталган аскердик машыгуулар 11-сентябрда башталган. Маалыматка караганда, анын башкы максаты - армян күчтөрүн эл аралык тынчтык орнотуу миссияларына катышууга даярдоо.


Аскердик машыгуулар Еревандан алыс эмес Зар жана Армавир полигондорунда 20-сентябрга чейин өтөт. АКШ билдиргендей, ага 85 америкалык жана 175 армян аскери катышып жатат.


Жамааттык коопсуздук келишими уюмун жетектеген Орусия машыгуулар боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул уюмга Армения дагы мүчө.


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-сентябрда армян жетекчилигинин "аракеттерине өкүнүчүн" айтып, машыгуулардан "жакшы эч нерсе күтпөстүгүн" билдирген. Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Москва кырдаалга көз салып турарын" айтты.


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Армениянын элчисин Еревандын "достукка жатпаган" кадамдарына, анын ичинде машыгууларга нааразылык билдирүү үчүн чакыртты.


Ал эми Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Орусияны "Азербайжандын агрессиясынан" коргой албаганы үчүн айыптады.


Буга чейин ал Армениянын Орусияга үмүт артышы "стратегиялык ката" болгонун билдирген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Резидент столичной ОЭЗ внедрил новое высокопроизводительное медоборудование

Лавров в ООН: Москва осуждает действия Израиля в Ливане

Непомнящий: «Акрону» повезло, что другие клубы испугались подписывать Дзюбу»

Многие финны искренне уважают Россию, заявил посол РФ

Музыкальные новости

Лукашенко назвал условие, при котором Минск применит ядерное оружие

Metallica — Harvester Of Sorrow (Москва, Тушино, 28.09.1991)

Тренировка спецподразделения Росгвардии по уничтожению БПЛА прошла в ДНР

Патрушев заявил, что прибалтийские страны модернизируют инфраструктуру для НАТО

Новости России

Как Елена Батурина смогла похудеть и стать элегантной дамой: “Подозревают липосакцию всего лица и тела”

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?

Не пропустите самое интересное: афиша 1 по 15 октября

Глава МИД Белоруссии: действующая модель безопасности в мире «трещит по швам»

Экология в России и мире

В городском округе Домодедово проведена агитационно-разъяснительная работа с населением о сохранности имущества.

Олимпийские ценности: доступное жилье в Иваново сдадут по улучшенному стандарту

Осень или организм: врач объяснил, кто виноват в усиленном выпадении волос

В Москве пройдёт гастрономический фестиваль «Русская кухня»

Спорт в России и мире

Янник Синнер не приедет на турнир ATP-500 в Вену

Томми Пол уступил Томашу Махачу во втором круге турнира ATP-500 в Токио

Павлюченкова объявила о досрочном завершении сезона

Даниил Медведев вышел во второй круг турнира ATP-500 в Пекине

Moscow.media

Для ремонта дорог в Петербурге в 2025 году ищут подрядчиков

В Подмосковье росгвардейцы задержали гражданина, находящегося в розыске.

Hybrid запустил онлайн-академию Hybrid Training Hub

Более 30 автодорог отремонтировали в подмосковном Красногорске







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *