Meta, Apple, Google компанияларынан Кыргызстанга 400 млн. сом салык түштү
![Meta, Apple, Google компанияларынан Кыргызстанга 400 млн. сом салык түштү](https://gdb.rferl.org/c3410000-0aff-0242-89e5-08d99ad597f2_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
Meta, Apple, Bloomberg, Google, Яндекс сыяктуу электрондук кызмат көрсөткөн дүйнөлүк 48 компания Кыргызстанга 2022-жылы 410 млн. сом салык төктү.
Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 25-сентябрда парламенттин тармактын комитетинде билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүк 48 компания Кыргызстандын Салык кызматында онлайн катталып, өлкөдөн тапкан кирешесинин 12% нарк салыгы катары төлөйт.
2022-жылы июнь айында Мамлекеттик салык кызматы жаңы Салык кодексине ылайык, электрондук түрдө кызмат көрсөткөн бардык чет өлкөлүк компаниялар быйыл 1-январдан тарта бюджетке кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү экенин билдирген.
Google, Meta сыяктуу ишканаларга таандык социалдык тармактардын, интернет платформалардын колдонуучулары товар, кызмат көрсөтүү, пиар сыяктуу жарнамаларды берет. Маселен, Кыргызстанда 2021-жылы ноябрь айындагы парламенттик шайлоодо талапкерлер Фейсбуктагы жарнамага 30 миң доллардай сарптаган. (TSh)