Турсунтай Салимовдун кармалышынын мыйзамдуулугу жана бөгөт чарасы бүгүн каралат
![Турсунтай Салимовдун кармалышынын мыйзамдуулугу жана бөгөт чарасы бүгүн каралат](https://gdb.rferl.org/FC47A621-2469-4C0F-AC57-4A864CA753EC_cx0_cy24_cw0_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча маселе жана бөгөт чарасы бүгүн 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Салимовдун өкүлү Нурлан Ибраимов билдирди.
Анын айтымында, Салимовду Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренесинин "Уюшкан топко катышуу" бөлүгүнүн негизинде 7-октябрда кечинде кармап кетишкен.
Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аталган мекеме азырынча расмий маалымат бере элек.
67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү болгон.
“Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн. (RK)