ЦАХАЛ Газанын борборуна жеткени кабарланды
![ЦАХАЛ Газанын борборуна жеткени кабарланды](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-e3a0-08dbe061d9dc_tv_w800_h450.jpg)
Израил армиясы толук курчоодо калган анклавды экиге бөлгөн соң, шейшембиде Газа калаасынын борборуна жеткени кабарланды. Жүздөгөн карапайым палестин Газанын түндүгүнөн түштүктү көздөй жөө-жаландап качып жөнөдү. ЦАХАЛ 32 жоокеринен айрылганын жарыялады.