Кыргызстанда рублдин наркы сомго теңдешти
![Кыргызстанда рублдин наркы сомго теңдешти](https://gdb.rferl.org/4C98233A-31CA-42FD-9DDB-A0FB6343C6D5_cx0_cy3_cw0_w800_h450.jpg)
Орус рублинин сомго карата расмий курсу теңдешти. Улуттук банктын 21-ноябрдагы маалыматында, бүгүн 1 орус рубли 1 сом, 0087 тыйын турат.
Бул күнү коммерциялык банктарда 1 рубль орточо 98-99 тыйындан сатып алынып, 1-1,003 сомдон сатылууда.
Кыргызстанда орус валютасынын курсу жыл башынан бери 1 сомдон жогору баада кармалып келип, 24-июнда кескин төмөндөгөн.
Коммерциялык банктар бир рублди 78-90 тыйындан алып жатканы кабарланган. Рублдин арзандашына ал күнкү Орусияда Пригожиндин "куралдуу козголоңу" таасир эткени айтылган.(ZKo)