Түркиялык адистер "5000 жыл илгерки Энесай жазма эстелиги" делген жалган маалыматты сынга алышат
Азыркы тапта интернет аркылуу жайылып жаткан “тарыхый” делген жалган маалыматтар арбын. Ошолордун бири – Энесайда мындан 5000 жыл илгери (б.а. б.з.ч. III миң жылдыкта) түркчө жазылган имиш делген эпиграфикалык текст тууралуу “кабар”. Аны түркиялык илимпоздор өздөрү жалганга чыгарып келекелешүүдө.