Тажикстан орусча терминдерди өз тилине которууда
![Тажикстан орусча терминдерди өз тилине которууда](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-7d49-08dc01751087_w800_h450.jpg)
Тажикстан парламентинин депутаттары Жарандык-процессуалдык кодекстин аталышын тажикче кылып өзгөртүү чечимин кабыл алды. Эми "граждандык" (гражданский) сөзү "мадани" деп аталып калды. Бир нече жыл мурун аскердик наамдарды да тажикчелетүү демилгеси көтөрүлгөн.