"Москва Гершкович менен Уиланды соодалашууга колдонууну токтотушу керек"
АКШ Орусияда кармалып жаткан журналист Эван Гершковичти азат кылуу үчүн аракеттерин улантарын билдирди. Анын шаршембиде башталган соту Екатеринбург шаарында жабык өтүүдө. Орус бийлиги The Wall Street Journal гезитинин кабарчысын тыңчылыкка айыптаса, АКШ аны кармоону «саясий иш» деп атап келатат.