Гутерриштин сапары: адам укугу, коопсуздук, мөңгүлөр
![Гутерриштин сапары: адам укугу, коопсуздук, мөңгүлөр](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-2949-08dc9a592509_w800_h450.jpg)
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келди. Ал Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалып жатат.