Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев жана дагы эки адам УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу учурунда кармалды. Бул тууралуу 24.kg агентигине күч түзүмдөрүндөгү булак билдирди. Ташиев жетектеген жыйын бүгүн, 24-июнда Токмак шаардык мэриясынын имаратында өттү.