Добавить новость

Беларуста жекшембиде оппозициянын жүрүштөрү өттү

Беларуста 17-январда бийликке каршы бир нече шаарда жүрүштөр өттү. Минск, Брест, Гродно жана Гомел шаарларында бир катар сейил бак жана калктуу райондорго чогулгандар Александр Лукашенконун бийликтен кетишин, буга чейинки демонстрацияларда кармалгандарды бошотууну жана кыйноого алгандарды жоопко тартууну талап кылышты.


Жапатырмак камакка алуудан качуу максатында беларус оппозициясынын өкүлдөрү жаңы тактикага өтүшкөн: алар шаар чордонунда эмес, шаар четинде ар кыл конуштарда чачкын жүрүштөрдү өткөрүп келишет.


Беларуста былтыр август айындагы президенттик шайлоодон соң оппозициянын тарапкерлери жекшемби сайын акцияларды өткөрүп келет. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенконун утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир нече өлкө анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары жекшемби сайын тынымсыз өтүп жатат. Анын жүрүшүндө беларус коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.


Жыл этегинде БУУнун эсеби боюнча Беларуста 27 миңден ашык киши кармалганы айтылган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Бресте

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час в Бресте и Брестской области

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *