Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иранда каржы кылмыштары үчүн жаза күчөтүлөт

Иранда каржылык кылмыштарга шектүү катары 67 киши кармалганы расмий кабарланды. 


- Алардын айрымдары күрөөгө бошотулду. Ал эми жүздөн ашуун адамга, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге, жетекчи кызматтагыларга жана жеке ишкерлерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды, - деди Иран сотунун өкүлү Голамхоссейн Мохсени Эджей 12-августта мамлекеттик теле аркылуу. 


Бир күн мурда эле өлкөнүн рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи каржылык кылмыштарды караш үчүн атайын сот түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырган. 


Жаңы түзүлө турган ислам революциялык соту "экономиканы ичтен иритип, бөлүп-жарып жаткандарга" болушунча катаал жаза берүүгө багытталышы керек экенин Ирандын сот тутумунун башчысы Садех Амоли Ларижани Хаменеиге жазган катында белгилеген. 


Эң катаалы өлүм жазасы болушу да ыктымал. Бул кабарга "Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюму тынчсыздануусун билдирди. 


Май айында АКШ өзөктүк келишимден чыгып кеткени, көп өтпөй Вашингтондун санкциялары кайра күчүнө киргени Иранда каатчылыкты күчөттү.


7-августта кайра жанданган санкцияларга ылайык Ирандын Батыш менен соодасы кескин азаят. Доллар сатылбайт. Муну утурлай ирандыктар долларды жана чет өлкө товарларын сатып алууга ашыгып, улуттук акчанын наркы кеткен. Анын айынан экономикада кыйынчылык күчөп, июлдун аягынан тартып нааразылык митингдери башталган. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *