Жапаров Кумтөрдү текшере турган депутаттык комиссияны күтүп жатышканын айтты
Өкмөт Кумтөрдүн алтыны боюнча текшерүү жүргүзө турган депутаттык комиссияны күтүп жатканын бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал быйылкы жылдын жыйынтыгы менен өкмөт Кумтөрдөн 17,2 тонна алтын алууну көздөп жатканын айтты: “2021-жылы 10 тоннадан ашык алтын алдык. Ал биздин өлкөдө. 2022-жылы Кумтөрдүн командасы планды толук аткарабыз деп жатат. 17,2 тонна алтын өзүбүздө калат деп турабыз. Бир грамм алтынды да тоодо же калдык сактоочу жайда калтырбай казып алууга биздин адистердин кесиптик деңгээли жетет. Читать дальше...