Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Оштогу таанымал ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди. Ага буга чейин кылмыштуу кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыштуу топту каржылоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, камалганын, бирок былтыр жыл аягында эч кайда кетпөө шарты менен абактан чыгарылгандан кийин бул талапты бир нече жолу бузганын маалымдады.
"2024-жылдын декабрь айында айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөрүп, эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулган. Айыпталуучу бул шартты бир нече жолу бузган. Читать дальше...