Бишкекте электр чыгырыкка тыюу салуу талабы менен кол топтолууда
Бишкекте активисттер, шаар тургундары электр чыгырыктарын колдонууга, ижарага берүүгө тыюу салууну талап кылган петицияга кол топтой баштады. Анда калаа мэриясына, шаардык кңештин депутаттарына, УКМК, ИИМге жана коомчулукка кайрылуу жолдонуп, административдик жана башка адамдын ден соолугуна зыян келтирсе кылмыш жазасына тартуу талабы жазылган. "Жакында тротуарда басып бараткан апамды электр чыгырыгы менен катуу келаткан адам сүзүп кетти. Ушунчалык катуу ылдамдыкта келип сүзгөндүктөн апамдын ийини сынып, мээси чайкалган. Читать дальше...