БУУнун комиссары "2025-жылы өлүм жазасы деген болбошу керектигин" айтты
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк 26-сентябрда Адам укуктары кеңешинин бул маселеге арналган иш-чарасында “2025-жылы өлүм жазасы дегенге орун жок” деп билдирди. БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсеси Фолкер Түрктүн бул билдирүүсүн 2-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Ал бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн өлүм жазасына мораторий киргизип, жазанын мындай түрүн алып салууга жана өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн болгон кылмыштардын санын азайтууга чакырды. Читать дальше...