Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукта айрымдардын Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого “талапкер болуу үчүн бийликтин колдоосун алдым” деген сөзүнө ишенбөөгө чакырды.
Ал sayasat.kg сайтына курган кыска маегинде Кыргызстанда буга чейинки революциялар, бийлик алмашуу ушундай иштерден, таза эмес өткөрүлгөн шайлоолордон улам болгонун айтып, азыркы бийлик андай катаны кайталабай турганын кошумчалады.
“Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Читать дальше...